Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы төрагасы дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Кубанычбеков Адилет Кубанычбекович дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ал тууралуу буйрукка 26-октябрда кол койгону белгилүү болду. Министрлер кабинетинин төрагасы А.Кубанычбековду жамаатка да тааныштырды. Мамлекеттик бажы кызматын буга чейин жетектеп келген Самат Исабеков башка кызматка которулганына байланыштуу бошотулган. Юстиция министрлигинин… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери 8 айда маяна 2,2 пайызга төмөндөдү

Кыргызстанда жыл башынан бери 8 айда маяна 2,2 пайызга төмөндөдү. Алсак, былтыр аталган эле мезгилде орточо номиналдуу айлык 17 миң 930 сом болсо, быйыл аталган суммадан 1 миң 656 сомго аз. Ал ортодо номиналдуу эмгек акы быйыл 9,2 пайызга өскөн.  Бирок номиналдык эмгек акынын бир… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өссө дагы 10 сомго жетпейт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өссө дагы 10 сомго жетпейт. Бул тууралуу монополдукка каршы жөнгө салуу  мамлекеттик агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди. Анын айтымында, баанын негизсиз жогорулашына жол берилбейт. Бирок, ал ортодо Россиядан кое берилген баа кескин кымбаттоодо. Ага жараша алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт. Эске салсак,… Кененирээк…

Ордо калаада электр энергиясына карызы бар 3 миң 700 керектөөчүнүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Ордо калаада электр энергиясына карызы бар 3 миң 700 керектөөчүнүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт. “Түндүк электрден” эскертишкендей, 27-октябрь, эртеңден тартып дебитордук бересеси бар жарандар жарыксыз калат. Алардын карызынын жалпы көлөмү 5 миллион 700 миң сомдон ашты. Белгилеп кетсек, электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү терминал, электрондук капчык, банк… Кененирээк…

Бишкектеги Иманалиев көчөсү оңдоп-түзөлөт

Бишкектеги Иманалиев көчөсү оңдоп-түзөлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер тилкенин Рысмендиев көчөсүнөн Балык Кумарга чейинки бөлүгүндө аткарылат. Жалпысынан 2 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөт. Аны менен бирге жөө жүргүнчүлөр үчүн жол белгиси дагы орнотулат. Иштер ушул жуманын аягына чейин бүтөт.

Бишкекте №18 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу уланууда

Бишкекте №18 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу уланууда. Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө иштер 80 пайызга аткарылды. Жылуулук, суу жана канализация тармактарын орнотуу иштери жүрүп жатат. Билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат жана ал 2 корпустан турат. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 41 миллион… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүргө болгон максималдуу баалар орнотулду

Кыргызстанда көмүргө болгон максималдуу баалар орнотулду. Бул тууралуу мнополодукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди. Анын айтымында, кара отундун баасын көзөмөлгө алуу 12-октябрдан тартып 90 күнгө киргизилген. Көмүрдүн баасы районго жана көмүр казылган аймакка жараша болот. алсак, Бишкекте кара отундун тоннасы –… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайларда пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн Экономика министрлигинин уруксатын күтүп жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайларда пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн Экономика министрлигинин уруксатын күтүп жатат. Бул тууралуу Санэпидем көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди.   Анын айтымында, текшерүүлөр бир гана кафелерде эмес, тамак-аш өндүрүү түйүндөрүндө, дүкөн жана супермаркеттерде жүргүзүлөт.   Эске салсак, буга чейин… Кененирээк…

Кыргыз спортчусу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө кубогунда 5-орунду ээледи

Кыргыз өлкөсүнүн сууда сүзүү боюнча спортчусу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө кубогунда 5-орунга ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, 21-23-октябрда Доха шаарында (Катар) дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү этабы өттү.   Анда кыргызстандык спортчу 3 аралыкка брасс ыкмасы менен сүздү. 200 метр… Кененирээк…

«Империя пиццы» кафесинен уулангандардын саны 179га жетти

Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалымат бүгүн, 26-октябрь, саат 11:00гө карата алынган. Билдирмеге караганда, статистикага Чүй облусу да кошулган. Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.   Ууланып ооруканада дарыланып жаткандар: Темир жол… Кененирээк…