Президенттик администрациянын реформа бөлүмүн Аскар Бешимов жетектейт
Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, ошол эле учурда реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Бешимовдун өзү “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-октябрда кол койгон.… Кененирээк…