Монголиянын Кыргызстандагы алгачкы элчиси ишке киришти

Монголия Кыргызстандагы Башкы консулдугун элчилик кылып кайра түзгөндөн бери алгачкы элчисин Бишкекке жөнөттү. 28-октябрда бул өлкөнүн элчи кызматындагы дипломат өкүлү Ганхуяг Содном тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарын тапшырды. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Министр Казакбаев… Кененирээк…

Эртең ордо калаадагы эки эс алуу багында экологиялык акция өтөт

Эртең ордо калаадагы эки эс алуу багында экологиялык акция өтөт. Иш-чара  «Ынтымак» жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактарда уюштурулат. Акцияга катышууну каалагандар 3 киллограм макулатура же 5 даана желим бөтөлкө алып барып, 1 даана көчөт алып тиге алат. Ушул эле күнү сейил бактарда макулатура жана… Кененирээк…

Pfizer вакцинасы 30-октябрдан тартып Бишкектин бардык эмдөө түйүндөрүндө жеткиликтүү болот

Pfizer вакцинасы 30-октябрдан тартып Бишкектин бардык эмдөө түйүндөрүндө жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Андан тышкары, препарат Аламүдүн, Сокулук райондоруна жана Кант шаарында дагы берилди. Ал эми өлкөнүн бардык аймактарына 1-ноябрдан баштап жеткирилет. Аны менен 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар эмделсе болот. Ар… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоого карата айрым үгүттөө чараларына тыюу салынат

Жогорку Кеңешти шайлоого карата айрым үгүттөө чараларына тыюу салынат. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, партияларга концерттерди, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, тоонун боорунда саясий уюмдун аталышын жазууга тыюу салынат. Бирок стадиондордо шайлоочулар менен ыр, бийи жок, программасы тууралуу гана айтып жолугушуу өткөрсө болот. Андан тышкары, 18 жашка… Кененирээк…

Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга кымбаттады

Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Алсак көмүрдүн орточо баасы республика боюнча быйыл октябрда былтыркыга салыштырмалуу 1 тоннасы 19,7 пайызга жогорулады. Өлкө боюнча эң кымбат көмүр Ноокатта – тоннасы – 9 миң 794 сом, Баткенде – 9,5… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Каркыра айылында суу системасы пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Каркыра айылында суу системасы пайдаланууга берилди. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 2 резервуар, 38 кудук жана башка курулмалар ишке берилди. Муну менен ар бир үйгө чейин таза суу жеткиликтүү болот. Иштерге жалпысынан 15 миллион сом сарпталды

Кыргызстанда жүгөрүнү экспорттоого киргизилген чектөө алынат

Кыргызстанда жүгөрүнү экспорттоого киргизилген чектөө алынат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, өстүрүлгөн жүгөрүнүн бир бөлүгүн өлкөдөн тышкары экспорттоо чечими кабыл алынды. Эске салсак, былтыр ноябрда Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу… Кененирээк…

Ош шаарында куткаруучулар өз жанын кыюуга каракет кылган аялды сактап калышты

Ош шаарында куткаруучулар өз жанын кыюуга каракет кылган аялды сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ӨКМге Ош шаарынын Джим көчөсү №1 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 1986-жылы туулган Т.Н. аттуу аял өз жанын кыйуу үчүн секирем деп… Кененирээк…

Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди

Россияда мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди. 29-декабрдан тартып федералдык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Алсак, Россияга иштегени барган жарандар өлкө аймагына киргенден кийин 30 күндүн ичинде бир жолку дактилоскопиялык мамлекеттик каттоодон өтүп, сүрөткө түшүшү керек. Андан тышкары, коркунучтуу инфекциялык оорулары бар-жогун аныктаган медициналык кароодон жана… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарына электр энергиясы менен жүргөн 10 автобус келиши күтүлүүдө

Жалал-Абад шаарына электр энергиясы менен жүргөн 10 автобус келиши күтүлүүдө. Калаа мэри Эрнис Ормоков билдиргендей, учурда тиешелүү документтер даярдалып жатат. Эгер жаңы автобустар келсе, автобус жана кичи автобустар токтогон жайларга тез кубаттоочу станциялар курулат. Кошумчаласак, 110 миңден ашык калкы бар Жалал-Абад шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн… Кененирээк…