Бишкектин коомдук транспортунда жол кире акысы кечкисин көтөрүлбөйт

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире акысы кечкисин көтөрүлбөйт.   Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, кечки саат 9дан кийин дагы автобус, троллейбустарда жүрүү 11 сомду түзсө, маршруттук таксилерде 15 сом болот.   Ал эми буга чейин кечки саат 9дан кийин жол кире 2 сомго кымбат болчу. Эске… Кененирээк…

Александр Крестинин «Дордой» клубунан кетти

Александр Крестинин «Дордой» футболдук клубунун башкы насаатчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу команданын расмий сайты жазды. Бишкектик клуб машыктыруучунун иштен кетүү боюнча өтүнүчүн кабыл алган.   «Александр Крестинин «Дордойго» 2017-жылы келип, команда менен биринчи эле жылы Кыргызстандын кубогу мелдешин уткан. Анын жетекчилиги астында «Дордой» төрт жыл (2018, 2019,… Кененирээк…

Камактагы айыл чарба министринин орун басары иштен бошотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Илич Марсбек уулун айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотту. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Марсбек уулу менен айыл чарба министринин мурдагы орун басары Амангелди Исаевди өткөн аптада камаган.   Анда айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо материалдык пайда алуу максатында… Кененирээк…

Тарых музейин ачылышын кечеңдеткен карыз төлөндү

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин ачылышын кечеңдетип жаткан карыз германиялык адистерге төлөндү. Кыргыз тарап эми немис адистеринин келишин күтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» музейдин директору Гүлбара Абдыкалыкова билдирди:   «Немис компаниясында да майда компаниялар иштеген. Алардын бош учуру ар кандай убакытка туура келүүдө. Ыңгайлуу күндү тандап,… Кененирээк…

Microsoft дүйнөдөгү эң бай компания аталды

Microsoft дүйнөдөгү эң бай компания аталды. Анын капитализациясы 2 триллион 46 миллиард долларга жетти. Экинчи орунла 2 триллион 41 миллиард менен Apple жайгашат.   Бул компаниянын акцияларынын баасы октябрдын аягында арзандап кеткен. Киреше аналитиктердин эсептөөсүнөн аз болуп калды. Ал эми  Microsoft компаниясынын акциялары тескерисинче, 1… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин өлкөнүн басымдуу аймагында кескин суук болуп, кар, жаан жаайт.   Тоолуу райондордогу жолдордо кар күрткүлөр пайда болуп, муз тоңот. 4-5-6-ноябрда катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык… Кененирээк…

Кызыл китепке киргизилген маралды аткандар кармалды

Кечээ, 31-октябрь күнү Сары-Челек биосфералык аймагынын кызматкерлери Туура-Арык тилкесинде мыйзамсыз атылган Маралды союп жаткан топту табышкан. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болгон. Жеке тинтүү жана аймакты кароодо ок атуучу… Кененирээк…

Садыр Жапаров Британ ханзаадасынын сый тамагына чакырылды

Президент Садыр Жапаров Глазгодо өтүп жаткан Глобалдык климат саммитинде Британ ханышасынын үй-бүлөсү уюштурган сый тамакка чакырылды. Бул тууралуу делегациянын курамындагылардан белгилүү болду. Бүгүн, 1-ноябрда Садыр Жапаров Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гуттериш менен жолугары күтүлүүүдө.   Мындан тышкары бир катар… Кененирээк…

Англияда куруучу жумушка келбей, үйдө калуу үчүн өзгөчө себеп ойлоп тапты

Англияда куруучу жумушка келбей, үйдө калуу үчүн өзгөчө себеп ойлоп тапты. Эркек жетекчисине таза байпак калбай калгандыктан, жумушка келбейм деп жазып, фургондун ачкычы кайда турганын билдирген. Бирок анын бул чечилбес маселеси жетекчинин жинин гана келтирди.   Ал башка адам болгондо бул себеби үчүн жумушчуну иштен… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык,  2-ноябрдан 5-ноябрга чейин Фучик, Ленская, Лазо көчөлөрү менен чектелген аймакта көгүлтүр от берүү токтотулат.   Убактылуу чектөөлөр газ түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.