Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча курулат

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча курулат. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин пайдубалын салуу аземине район администрациясынын жетекчиси дагы катышты.   Имарат 75 балага чакталат. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 20 миллион сомду түзөт. Курулуш иштерине каражат  жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Объект бөбөктөрдү кийинки жылы… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

  Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы менен биздин өлкөгө ондогон тонна ун, кумшекер жана соя майы жеткирилди.   Жалпысынан, жүктү жеткирүүгө 58 контейнер колдонулду.

6 миңден ашык бишкектик электр энергиясы жок калышы мүмкүн

6 миңден ашык бишкектик электр энергиясы жок калышы мүмкүн. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, ордо калаада керектөөчүлөрдүн жалпы дебитордук карызы 11 миллион сомдон ашты. Бересеси барларды жарыктан өчүрүү бүгүн башталат.   Суукта электр энергиясы жок калбаш үчүн, жарандарга төлөмдөрдү тез арада жүргүзүү сунушталат.

Кара-Кече кенинде жүргөн жер көчкү калкка көмүр жеткирүүгө залакасын тийгизбейт

Кара-Кече кенинде жүргөн жер көчкү калкка көмүр жеткирүүгө залакасын тийгизбейт. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кечээ 50 миң кубометрдей жер көчтү. Тилкеде быйыл көмүр казуу иштери жүргөн эмес, андыктан, жабыркагандар болгон жок. Окуя кара отунду өндүрүү жана аймактарга… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи дозасын 1 миллиондон ашык адам алды

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи дозасын 1 миллиондон ашык адам алды. Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, ал эми экинчи доза 700 миңден ашык адамга сайылды. Эске салсак, өлкөдө коронавирустан массалык эмдөө кампаниясы 29-мартта старт алган.   Андан бери… Кененирээк…

Бишкектеги тигүүчү цехтен чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы Аммосов №37 дарегинде жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Пишпек районунда жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 17:12де толук өчүрүлгөн. Белгилей кетсек, өрттүн кесепетинен болжол менен 4 жашар кыз каза болгон.

Нарында айдоочуларга кышкы сезонго даярдыктар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Нарын облусунун аймагында туруксуз аба ырайынын күтүлүшү менен Нарын ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   Билдирүүгө ылайык, облустун аймагындагы автобекеттерде коомдук транспорт жана жеңил такси менен жүргүнчү ташуучу жана шаар аралык каттамдарда… Кененирээк…

2019-жылга салыштырмалуу быйыл салыктын көлөмү 22 миллиард сомго көбөйдү

Өлкөдө октябрь айында 9 миллиард 921 миллион 800 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, план 42 миллион 300 миң сомго ашыкча аткарылды. 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 2 миллиард 330 миллион 800… Кененирээк…

Кыргызстанда бир жылда өсүмдүк майы 1,5 эсе кымбаттады

Кыргызстанда бир жылда өсүмдүк майынын баасы дээрлик 1,5 эсеге кымбаттады. Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калктуу конушуна мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу өсүмдүк майына болгон баалар республика боюнча 45,7% жогорулаган. Күн карама майынын чекене баалары республика боюнча орточо эсеп менен өткөн… Кененирээк…

Франция тургуну өзгөчө рекорд койду

Франция тургуну өзгөчө рекорд койду. Эркек 4 ай бою кинотеатрга келип бир эле “Камелот-биринчи бөлүм” тасмасын эки сыйрадан көрүп жүрдү. Ал кино качан прокаттан алынарын билбегендиктен, аягына чейин көбүрөөк сеанстарга келүүгө жетишип калууга аракеттенген.   Жыйынтыгында, ал бул тасманы 204 жолу көрүп, рекорд орнотту.