Бишкекте үй-жайсыз калган аялдар жана балалуу энелер үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды

Бишкекте үй-жайсыз калган аялдар жана балалуу энелер үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Мэриядан билдиришкендей, анда бир жолу ысык тамак берилип, медициналык жардам көрсөтүлөт.   Бул жерде 70ке чейин аял жашай алат. Социалдык кызматты учурда 28 аял пайдаланууда. Арасында 16 жаш бала жана төрт ымыркай… Кененирээк…

АКШ элчилиги 1-декабрдан тарта виза берүү боюнча иньервьюга кабыл алууну жандантат

АКШ элчилиги 1-декабрдан тарта виза берүү боюнча иньервьюга кабыл алууну жандантат. Бул тууралуу аталган дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.   Белгилей кетсек, виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин ден соолугу үчүн кабыл алууну чектөө, социалдык аралыкты сактоо жана беткап тагынуу талаптары  күчүндө болот.   Эске салсак, АКШнын виза… Кененирээк…

Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду түзүлдү

Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду түзүлдү. Расмий ачылыш аземине Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто катышты.   Фонд инвестицияларды тартып, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга жана кичи, орто бизнеске колдоо көрсөтөт. Анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөт, кийин Венгрия… Кененирээк…

Алматыда мектеп окуучулары да Pfizer вакцинасы менен эмделет

Алматыда мектеп окуучулары да Pfizer вакцинасы менен эмделет. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, Казакстанга Pfizer вакцинасынын келерки аптада жеткирилиши күтүлүүдө. Учурда логистика, муздаткыч жабдууларды жеткирүү жана орнотуу маселелери иштелип чыгууда. Вакцина менен 12 жаштан 17 жашка чейинки балдар, 17 жаштан 37… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан «Европа биримдиги жана Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады. Билдирүүгө ылайык, эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшкандыгын Акылбек Жапаров баса белгилеген.… Кененирээк…

Өкмөт «Бишкек» эл аралык финансы борборун түзөт

Министрлер кабинети «Бишкек» эл аралык финансы борборун түзүүнү пландап жатат. Мыйзам долбоор өкмөттүн сайтына жарыяланды. Анын максаты жана милдеттери мыйзам долбоордо төмөнкүчө көрсөтүлгөн: инвестиция үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жолу менен Кыргызстандын экономикасына инвестициялардын тартылышына жардам көрсөтүү; Кыргызстандагы баалуу кагаздар рыногун жана финансылык куралдарды, анын ичинде… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде бүгүн биринчи чейректин соңку күнү

Өлкө мектептеринде бүгүн биринчи чейректин соңку күнү. Окуучуларда күзгү каникулдар башталып, ал 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин созулат.   Ал эми 7-8-ноябрь өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү майрамдары белгиленгендиктен, балдардын эс алуусуна дагы 2 күн кошулуп, каникулдар бүгүнтөн тарта башталды. Мектептерде экинчи чейрек 15-ноябрдан тарта старт алып,… Кененирээк…

Бишкекте көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатып саткандарды аныктоо боюнча иштер уланууда

Бишкекте көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатып саткандарды аныктоо боюнча иштер уланууда. Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ордо калаанын Октябрь жана Сведлов райондорунда рейд жүргүзүлүп, тоннасын 4 миң 800 сомдон 5 миң 200 сомго чейин саткандар аныкталды.   Аларга административдик протоколдор түзүлүп, айып салынды.   Айрымдарына… Кененирээк…

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттам ачылат

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттам ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Петер Сийярто бизнес-форумда билдирди. Анын айтымында, жакынкы аралыкта Будапешт – Бишкек аба жолдору жумасына эки ирет аткарылат. Бирок каттамдар качан ишке кирет так айтылган жок. Учурда рейстерди жүргүзө турган компанияларды аныктоо… Кененирээк…

Эрназар Акматалиев бүгүн Дүйнө чемпионатында килемге чыгат

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев бүгүн, 3-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти. Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө. Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышат. Анын алгачкы атаандашы грециялык… Кененирээк…