Кыргызстанда 1 миллион 800 миң адам коронавируска каршы вакцина алды
Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 1 164 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда республикалык штаб билдирди. Алардан: — 915 адам биринчи доза менен, — 749 киши экинчи доза менен эмделди. Жалпысынан Кыргызстанда биринчи доза менен 1 013 544, экинчи доза менен 787 033 адам эмдөөдөн өткөн.