“Мурас-Ордо” суу алгычында 27 метр узундуктагы түтүктүн авариялык бөлүгүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат

“Мурас-Ордо” суу алгычында 27 метр узундуктагы түтүктүн авариялык бөлүгүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, түтүктөрдү модернизациялоо иштери ушул жылдын ноябрь айынын башында башталган. Узундугу 12 метрди түзгөн түтүктү оңдоо иштери 19-ноябрда аяктайт. Экинчи этапта дагы 15… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, бирок акырындап жогорулашы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, бирок акырындап жогорулашы мүмкүн. Монополдукка каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, күйүүчү май рыногунда ведомство үч механизм менен иш алып барууда. Алар: ишкерлер менен жолугушуу өткөрүү, материалдын өз наркы жана ташуу чыгымдары боюнча талдоо жүргүзүү, ошондой… Кененирээк…

«Кальмар оюну» сериалы буга чейин эң популярдуу болгон «Игра престолов» сериалынан ашты

«Кальмар оюну» сериалы YouTube сервисинде буга чейин эң популярдуу болгон «Игра престолов» сериалынан ашты. Жарык көргөнүнө 2 ай боло элек корей сериалы тууралуу видеолордун саны YouTube тармагында 131 миңден ашып, 17 миллиард жолу көрүлдү. Комментарий жана лайктардын саны 533 миллионго жетти. Ал эми «Игра престолов»… Кененирээк…

Бүгүнкү Кыргызстан менен Сингапурдун футбол боюнча беттеши саат 19:00до башталат

Бүгүнкү Кыргызстан менен Сингапурдун футбол боюнча беттешине көрүүчүлөр киргизилбейт. Оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Шаржа шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де башталат. Бул эки команданын 20 жылдан кийинки алгачкы беттеши болот. Жолугушуу 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоо туруна даярдануунун алкагында уюштурулат. Кошумчаласак, учурда биздин… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого добуш берүү үчүн Россияда кыргызстандыктарды каттоо эртең аяктайт

Парламенттик шайлоого добуш берүү үчүн Россияда кыргызстандыктарды каттоо 12-ноябрь, эртең аяктайт. Аталган мамлекеттеги биздин элчиликтен билдиришкендей, жарандар ага чейин консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматын тапшырышы керек. Шайлоо тилкелери Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Хабаровск, Владивосток шаарларында ачылат. Жогорку… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 871 миллион доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 871 миллион доллардан ашты. Маалымат августтун аягына карата. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, өлкө карызынын 53 пайызы эки тараптуу жеңилдетилген насыялар боюнча милдеттенмелерге туура келет. Бересе ээлеринин башында Кытай турат. Ага өлкө карызынын 3/1 бөлүгүнөн көбүрөөгү тиешелүү.

YouTube мындан ары видеого карата дизлайктардын санын көрсөтпөйт

YouTube мындан ары видеого карата дизлайктардын санын көрсөтпөйт. Компания өзүнүн расмий сайтында жарыялагандай, мындан ары терс сын-пикирлердин статистикасы жашыруун болот жана аны контенттин авторлору гана көрө алат. Ошол эле учурда жаккан жок» баскычы кала берет. Мындай чара колдонуучулардын контентин ар кандай чабуулдардан алдын алуу максатында… Кененирээк…

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 20 чакырым темир жол сатып алды

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 20 чакырым темир жол сатып алды. Рельстердин биринчи партиясы өлкөгө келип түштү. Темир түзүмдөр 2021-жылы чыккан жана алар Кыргызстандын талаптарына толук жооп берет. Эми алар көйгөй жаралган темир жолдорго төшөлөт. Алсак, иштер темир жолдун 148-чакырымынан «Балыкчы» станциясына чейин 14 чакырым… Кененирээк…

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн которулган акчанын көлөмү 17 пайызга жогорулады

Кыргызстанга быйыл былтыркыга салыштырмалуу чет өлкөлөрдөн которулган акчанын көлөмү 17 пайызга жогорулады. Быйыл жыл башынан бери республикага 2 миллиард 32 миллион доллар келди, — деп билдиришти Улуттук банктан. Андан белгилешкендей, сентябрда мигранттар өлкөгө 295 миллион 500 миң доллар которушту. Бул бир ай мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу… Кененирээк…

Кыргызстанга 12-ноябрда коронавируска каршы дагы бир россиялык вакцина келет

Кыргызстанга 12-ноябрда коронавируска каршы дагы бир россиялык вакцина келет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Спутник Лайт” препаратынын 200 миң дозасы Бишкекке жеткирилет. Россия өкмөтүнүн чечими менен вакцина акысыз түрдө жардам катары ыйгарылат. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда россияда өндүрүлгөн… Кененирээк…