Ош шаарында 13-14-ноябрда жалпы ишембилик өтөт

Күз мезгилинин башталышына байланыштуу Ош шаарында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт. Ош шаарынын мэриясынын коллегиясында вице-мэр Сонунбек Жунусбаев билдиргендей, ишембиликтин негизги максаттарынын бири — көп кабаттуу үйлөрдүн аймагындагы, жеке менчик кичи райондордогу түшкөн жалбырактарды тазалоо.

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка… Кененирээк…

Бишкекте хоккей боюнча Кыргызстан чемпионатынын 1-туру старт алды

Бишкекте хоккей боюнча Кыргызстан чемпионатынын 1-туру старт алды. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, өлкө биринчилигине беш команда ат салышууда. Алар: “Алга”, “Нарын Шумкарлары”, “Дордой”, “КТЖ” жана “Нураалы Аке” командалары. Биринчи тур 14-ноябрда аяктайт. Мелдештин кийинки турлары февраль, апрелде өтөт.

Кыргызстанга россиялык “Спутник Лайт” вакцинасы келди

Кыргызстанга россиялык “Спутник Лайт” вакцинасы жеткирилди. Препараттын 200 миң дозасы “Манас” эл аралык аэропортуна келип түштү. Россия өкмөтү вакцинаны акысыз түрдө жардам катары ыйгарды. Бул максатта аталган өлкө 1 миллион 200 миң доллар бөлгөн. “Спутник Лайт” бир компонеттүү жана анын натыйжалуулугу 79 пайызды түзөт. Бүгүнкү… Кененирээк…

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Шавкат Мирзиеевдин Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагындагы жолугушуусунда айтылды. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды… Кененирээк…