Көмүрдүн баасын кымбаттаткандар болсо ыкчам комиссияга чалыңыз

Көмүр рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн ыкчам иш алып барган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдирди. Баалар башаламан кымбаттаса комиссияга кайрылуу керек. «Комиссия көмүрдү башаламан баада сатууга жол бербөө жана аны аныкталган, туруктуу баада сатуу үчүн көмүр ташуучуларды стационардык отун базаларына… Кененирээк…

Милициянын көчмө кабылдамасы 9 айда 5 миңден ашык арызды карап чыкты

2021-жылдын 9 ай аралыгында милициянын көчмө кабылдамалары жарандардын 5 миңден ашуун арыздарын карап чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 50 милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барат.   «2021-жылдын 9 ай аралыгындагы ишмердүүлүктү талдоонун негизинде, республиканын аймактарына… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы бала бакча ачылды

Жалал-Абад шаарындагы №27 «Шүдүрүм» балдар бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңыртылган имараттын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты.   Үч кабаттан турган бала бакчанын эки кабатын жаңыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен… Кененирээк…

Кыргызстан калкын каттоодо коронавирус боюнча 2 суроо кошулат

Кыргызстан калкын каттоодо коронавирус боюнча 2 суроо кошулат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жарандарга COVID-19 менен ооругандыгы жана стационарга кайрылгандыгы тууралуу суроолор берилет.   Андан тышкары, калктын миграциясы, турак-жайды жылытуу, чет мамлекеттерде тууганынын бар-жоктугу боюнча суроолор берилет.   Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун… Кененирээк…

Республикалык диагностикалык борборду жоюуда кызматкерлер жумушсуз калбайт

Республикалык диагностикалык борборду жоюуда кызматкерлер жумушсуз калбайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Жалпысынан борбордо 120 медицина кызматкери эмгектенет. Санитар жана медайымдар иштеген жеринде калат, дарыгерлердин көбү дагы которулбайт. Айрым кызматкерлер Улуттук госпиталда ачыла турган Ыкчам медицина борборунун диагностика борборунда иштесе болот.… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 321 талапкердин ичинен 24ү баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 321 талапкердин ичинен 24ү баш тартты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Комиссия маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңешке 297 талапкер ат салышууда. Облустар талапкерлердин  саны боюнча Ош облусу алдыда болсо, эң аз Таласка туура келет… Кененирээк…

Талас облусунун Манас районунда “Юстиция үйү” ачылды

Талас облусунун Манас районунда “Юстиция үйү” ачылды. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, эми аймактык пробация, мамлекеттик нотариустун кызматкерлери жана жактоочулар бул жерден калкты кабыл алат.   Бул жыл ичинде ачылган үчүнчү “Юстиция үйү”. Дагы экөө Жалал-Абад облусунда Таш-Көмүр жана Ала-Букада ачылган. Мындай борборлор өлкөнүн бардык аймактарында… Кененирээк…

Кыргызстанда бир айда 3 жарым миңге жакын жаран пенсияга чыкты

Кыргызстанда бир айда 3 жарым миңге жакын жаран пенсияга чыкты.   Ал эми соңку тогуз айдын ичинде 55 миң адамга пенсия чегерилди, — дешти Социалдык фонддон. Андан тышкары, эмгек стажы, айлык акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтерге ылайык, 900дөн ашык кишинин акчасы кайрадан… Кененирээк…

Өзбекстан менен Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү токтотту

Өзбекстан менен Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын берүүнү токтотту. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыкка” билдирди.   Анын айтымында, импорттун токтошу коңшу өлкөлөрдөгү энергетикалык көйгөйлөргө байланыштуу. Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздиги дале курч, андыктан, жарандар жарыкты үнөмдүү колдонушу керек, — деди чиновник. Ошол эле учурда ал… Кененирээк…

Мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражатка жараксыз вакцина сатып алынганы аныкталды

Мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражатка жараксыз вакцина сатып алынганы аныкталды.   Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2020-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдары жеке компаниядан сасык тумоого каршы вакцинаны 135 миллион сомго жана пневмококк бактериясына каршы вакцинаны 44 миллион сомго сатып алган.   Кийин белгилүү… Кененирээк…