Кыргызстандын футбол курамасы Бахрейнге утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жолдоштук беттеште Бахрейнге 4:2 упай эсеби менен утулду. Мелдеш Бахрейндин борбору Манамада өттү. Эсепти кыргызстандыктар ачып, 16-мүнөттө капитан Валерий Кичин пенальтиден тепкен. Аз убакыттан кийин каршылаш тарап эсепти теңеди, бирок көп өтпөй кыргызстандык Одилжон Абдурахманов гол киргизген. Анткен менен Бахрейндин… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде эртең таза суу өчүрүлөт

Эртең, 18-ноябрда, Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.   Суу саат 9.00дөн тарта 18.00гө чейин Абакан, Дэн Сяопин, Волков, Садыгалиев көчөлөрү жана темир жолдун ортосундагы аймакта жок болот. Бул күнү «Киркомстром» суу кампасында жана шаар ичиндеги суу түтүктөрүндө профилактикалык иштер аткарылат.… Кененирээк…

Google жана Spotify платформаларынын иши үзгүлтүккө учурады

Google жана Spotify колдонуучулары платформалардын иши үзгүлтүккө учураганын билдиришти. Муну Downdetector сервисинин маалыматтары тастыктайт. Ага ылайык, колдонуучулардын дээрлик жарымы (49 пайызы) Spotify колдонмосуна кирүүгө аракет кылып жатканда каталар болгонун, 74 пайызы Google колдонмосунун начар иштешине нааразы болушкан.   Буга чейин Instagram колдонуучулары социалдык тармактын ишинде… Кененирээк…

Абанын булганышына каршы күрөшүү комиссиянын жетекчиси Айбек Жунушалиев болду

Министрлер кабинети тарабынан абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча өзгөчө комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкек шаарындагы абанын булганышы көйгөйүн иликтөө, жарандардын ден соолугун сактоо жана аларды чечүү чараларын иштеп чыгуу боюнча токтоосуз чараларды ыкчам кабыл алуу үчүн ведомстволор… Кененирээк…

Бишкекте коомдук жайларда чылым чеккендерге айып салына баштады

Бишкекте коомдук жайларда чылым чеккендерге айып салына баштады. Шаардык ички иштер башкармалыгы Кайгуул милиция кызматкерлери менен биргеликте  подъезд, лифт, аялдама жана коомдук дааратканаларда рейд жүргүздү.   Анын алкагында, үч юридикалык тарапка жана 20дан ашык жаранга жалпысынан 40 миң сом айып салынды.   Эске салсак, Кыргызстанда… Кененирээк…

Кыргызстан англис тилин билүү деңгээли өтө төмөн өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстан англис тилин билүү деңгээли өтө төмөн өлкөлөрдүн катарына кирди. EF Education First эл аралык компаниясы 112 мамлекетте иликтөө жүргүздү. Анда биздин өлкө 101-орунду ээледи.  Ордо Азия боюнча жакшы көрсөткүч Өзбекстанда – 88-позиция.   Ал эми англис тилдүү эмес мамлекеттер арасында  Нидерланды, Австрия, Дания, Сингапур… Кененирээк…

Төө-Ашуу жана Боом капчыгайында туман түшүп, жолдорго муз тоңуп, кар жаашы күтүлүүдө

Төө-Ашуу жана Боом капчыгайында туман түшүп, жолдорго муз тоңуп, кар жаашы күтүлүүдө.   Аба-ырайынын начарлашын синоптиктер бүгүн жана эртеңки күнгө болжолдоодо. Мындан улам, Бишек-Ош жана Бишкек-Торугарт унаа трассаларына чыгууну пландаган айдоочуларга этият болуп, ылдамдыкты ашырбай, унаалардын ортосундагы аралыкты сактоо сунушталат.   Сөзсүз түрдө жайкы дөңгөлөктөрдү… Кененирээк…

Бишкектеги эки мектепти курууда мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

Бишкектеги эки мектепти курууда мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалым болгондой, ордо калаадагы №46 орто мектебин капиталдык ондоо иштерин жүргүзүүдө тендер мыйзамсыз өткөрүлгөн.   Ал эми №10  мектепте жасалбаган иштер үчун акча негизсиз көбөйтүлгөн.   Фактылар боюнча… Кененирээк…

Кыргызстанда жүргүнчү ташуучу автобус жана электробустарды чыгаруучу өндүрүш пайда болушу мүмкүн

Кыргызстанда жүргүнчү ташуучу автобус жана электробустарды чыгаруучу өндүрүш пайда болушу мүмкүн. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорду россиялык компания менен ишке ашыруу пландалып жатат.   Бишкекке фирманын өкүлдөрү сүйлөшүүлөр үчүн келди. Андан тышкары, ордо калаа көчөлөрүнө карата ыңгайлаштыруу максатында тестирлөө жүргүзүү үчүн автобустун үлгүсү жеткирилди.

Словенияда COVID-19га каршы эмдөө алганы тууралуу тастыктамасы жок айдоочуларга май куюуга тыюу салынды

Словенияда COVID-19га каршы эмдөө алганы тууралуу тастыктамасы жок айдоочуларга май куюуга тыюу салынды. Мындан улам, жергиликтүү тургундар унааларын аргасыздан май куюучу жайларга таштап кетүүдө.   Ал эми Нью-Йоркто эмдөө албагандар жаңы жылды майрамдабай калышы мүмкүн. 31-декабрда шаардын Таймс-Сквер башкы аянтындагы салтка айланган концерттерге эмдөө сертификаты… Кененирээк…