Окмуштуулар чон апалардын эмне себептен неберелерин  өз балдарынан артык көрө турганын аныкташты

Окмуштуулар чон апалардын эмне себептен неберелерин  өз балдарынан артык көрө турганын аныкташты. АКШдагы окуу жайлардын биринин илимпоздору 3 жаштан 12 жашка чейинки жок дегенде бир небереси бар 50 аялга изилдөө жүргүзүшкөн.   Анда аларга неберелеринин, өзүнүн бойго жеткен балдарынын жана башка адамдардын сүрөттөрү көрсөтүлгөн.  … Кененирээк…

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту тарыхта биринчи жолу 100 миңинчи жүргүнчүнү тейледи

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту тарыхта биринчи жолу 100 миңинчи жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майдандынбасма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалым болгондой, мааракелик жүргүнчү бүгүн Москвага учуп кетти. Ага белектер менен биргеликте Россиядан Кыргызстанга кайтууга акысыз билет тапшырылды.   Белгилеп кетсек, «Ысык-Көл» аэропорту буга… Кененирээк…

Өзгөн шаарында УКМКнын жаңы имараты ачылды

Өзгөн шаарында УКМКнын жаңы имараты ачылды. Комитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бул төрага Камчыбек Ташиев өзү ачкан түштүк бөлүмдүн алтынчы имараты.   Сентябрдан ноябрь айына чейин УКМКнын кызматкерлери үчүн Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Ала-Бука райондорунда, Кара-Көл шаарында жана Ош облусунун Алай районунда жаны бөлүмдөр ачылган.

Баткендеги чек арага жакын жерде жаштар үчүн жаңы айыл курулат

Баткендеги чек арага жакын жерде жаштар үчүн жаңы айыл курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборуна берген маегинде билдирди.   Мамлекет башчы облуска 30 жылдан бери тийиштүү көңүл бурулбай, аймактын социалдык-экономикалык абалы начарлап, тургундар үйлөрүн сатып кетип жатканын белгиледи.   Айыл жаштар… Кененирээк…

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бүгүнкү күнгө карата 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу катталды

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бүгүнкү күнгө карата 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу катталды.   Алардын 84 миң 128и чет өлкөдөгү шайлоочулар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришти.   Маалым болгондой, добуш берүүчүлөр боюнча маалымат “Тизме” мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Шайлоочулар өздөрүнүн тилкеси тууралуу маалыматты 1255,… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн айыл-чарба жарманкеси өтүүдө

Бишкекте бүгүн айыл-чарба жарманкеси өтүүдө. Тургундар  күндүзгү саат 4кө чейин ордо калаанын Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда азык-түлүктү арзандатылган баада сатып ала алат, — деп билдиришти Айыл-чарба министрлигинен.   Андан такташкандай, жармаке эртең 21-ноябрда дагы уюштурулат.

Жаны жылдык майрамдарда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат

Жаны жылдык майрамдарда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.   Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, бул ирет 1-январь – ишембиге туш келгендиктен, эс алуу күнү — дүйшөмбү 3-январга жылдырылат. Ошентип кыргызстандыктар жаңы жылда 3 күн катары менен жумушка чыкпайт.

Кыргызстанда кийинки жылы автобустар чыгарылат

Кыргызстанда кийинки жылы автобустар чыгарылат. КамАз россиялык ишканасы менен Бишкекте өткөн кыргыз-татар бизнес форумунун алкагында макулдашуу жетишилди.   Маалым болгондой, өндүрүш 2022-жылы Токмокто ачылат. Автобустар газ менен жүрөт. Экономисттер ишканада күнүнө эки автобус чыгат деп болжолдошууда.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого келе турган эл аралык байкоочулардын саны 435ке жетти

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого келе турган эл аралык байкоочулардын саны 435ке жетти.   Бул тууралуу БШКнын отурумунда айтылды. Маалыматка ылайык, парламент депутаттарына добуш берүү процессине 12 шайлоо органдарынын өкүлдөрү, 62 мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана 14 эл аралык уюм көз салат.   Эске салсак, парламенттик шайлоо… Кененирээк…