Парламенттик шайлоонун алдында 27-ноябрда “Тынчтык күнү” жарыяланат

Парламенттик шайлоонун алдында 27-ноябрда “Тынчтык күнү” жарыяланат. БШКдан билдиришкендей, шайлоо тилкелеринин ачылышына бир сутка калганда бардык үгүттөө иштери токтотулат. Аларга партиялардын өкүлдөрүнүн эл алдында ММКлар аркылуу сүйлөшү, жолугушуулар жана шайлоо алдындагы роликтерди чагылдыруулар кирет. Эске салсак, “Тынчтык күнү” добуш берүүчүлөргө өз тандоосун жасап, шайлоо боюнча… Кененирээк…

Кыргызстанга Казакстандан көмүр жеткирүүлөр көбөйтүлөт

Кыргызстанга Казакстандан көмүр жеткирүүлөр көбөйтүлөт. Тишелүү макулдашуу монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен импортерлор ортосунда жетишилди. Белгилеп кетсек, жеткирүүчүлөр Бишкек жана Чүй облусундагы базаларга көбүрөөк көлөмдө көмүр алып келүүгө милдеттендирилди. Агенттиктен убадалашкандай, сатуу түйүндөрү күнү-түнү иштейт. Отундун баасы 4 миң 600 сомдон жогору болбойт.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту дагы күзгү-кышкы графикке өттү

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту дагы күзгү-кышкы графикке өттү. “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, учуулар 26-мартка чейин жаңы ырааттама боюнча тейленет. Жаңы график Россиянын Москва, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына болгон аба каттамдарга тиешелүү. Эске салсак, буга чейин күзгү-кышкы графикке “Манас” жана Ош эл аралык аэропорттору… Кененирээк…

Кыргызстанда 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Кыргызстанда 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө келаткан мартта дүйнө биринчилиги тарыхта алгачкы ирет өтөт. Андан тышкары, чемпионат учурунда Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин үчүнчү отуруму Кыргызстанда уюштурулат. Ага дүйнөнүн белгилүү хоккейчилери… Кененирээк…

Кыргызстанга Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келди

Кыргызстанга Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келди. Препарат Франция өкмөтү тарабынан COVAX программасынын алкагында берилди. Эми аталган вакцина менен 18 жаштан жогорку бардык каалочулар эмделе алышат. Биринчи жана экинчи дозанын аралыгы 28 күндү түзөт. Препарат 94,1 пайызга натыйжалуу. Ордо калаа тургундары үчүн «Модерна» эки күндүн… Кененирээк…

Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы шаарчаны куруу иштери старт алды

Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы шаарчаны куруу иштери старт алды. Райондук администрациядан билдиришкендей, 5 миң үй-бүлө жашаган жаӊы конуш пайда болот. Анын аймагында 4 мектеп, стадион, сейил бак жана ФАП жайгашат. Турак жайлар 5 кварталга бөлүнөт. Конушту түзүүгө түрк инвесторлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бишкекте бүгүн абанын температурасы 18 градуска чейин көтөрүлүп, акыркы 30 жылдан бери алгачкы рекорд жаралды

Бишкекте бүгүн абанын температурасы 18 градуска чейин көтөрүлүп, акыркы 30 жылдан бери алгачкы рекорд жаралды. Буга чейин 1992-жылы 25-ноябрда ордо калаада 21,7 градус жылуу аба-ырайы катталган. Бирок синоптиктер эскертишкендей, жазгы күндөй бүгун гана жылуу болот, эртеңден тартып кескин суук келет. Күндүз +2 градус гана жылыйт,… Кененирээк…

Ош облусунун Алай районунда жаңы мектеп пайда болду

Ош облусунун Алай районунда жаңы мектеп пайда болду. Жаңы-Алай айылында жайгашкан 225 орундуу билим берүү мекемеси пайдалууга берилди, — деп билдиришти президенттин аймактагы өкүлчүлугүнөн. Эки кабаттуу жаңы имаратта окуу корпусу, спорт зал, ашкана жана жыйындар залы бар. Курулуштун сметалык баасы 61 миллион сомду түздү, каражат… Кененирээк…

Бишкектеги мектептер салттуу режимде иштеп жатат

Бишкектеги мектептер салттуу режимде иштеп жатат. Буга чейин массалык маалымат каражаттарында айрым билим берүү мекемелери алдыдагы шайлоого карата аралыктан окууга өткөнү тууралуу маалымат тараган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт, — деп белгилешти мэриядан. Белгилеп кетсек, шайлоо тилкелери жайгашкан мектептер гана 29-ноябрда – бир күнгө жабылат.… Кененирээк…

Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалууда

Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалууда. Калаа мэри Сергей Собянин райондук коммуналдык кызматтардагы мигранттардын санын азайтууну тапшырды. Анын айтымында, учурда коргоо, тазалоо сыяктуу төмөн айлык төлөнгөн мекемелерде мигранттар бар. Буга чейин Собянин чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартууну тапшырган. Мындай… Кененирээк…