Кыргызстанда аз камсыздалгандарга электр энергиясына жеңилдиктер  700 киловаттык чектөөдөн ашпаганда гана берилет

Кыргызстанда аз камсыздалгандарга электр энергиясына жеңилдиктер  700 киловаттык чектөөдөн ашпаганда гана берилет. Энергетика министрлигинен белгилешкендей, ал эми андан көп колдонгондор бир киловатт-саатка 2 сом 16 тыйындан эле төлөйт.   Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун чечими менен  2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыздалган үй-бүлөлөр электр энергиясынын бир… Кененирээк…

Гватемаланын тургуну АКШга чейин учактын канатына отуруп жетти

Гватемаланын тургуну АКШга чейин учактын канатына отуруп жетти. Аны аба кемеси Майамидеги аэропортко конгонгондон кийин гана көрүштү. Интернеттеги видеодо көрүнгөндөй, эркек нес абалда америкалык чек арачылардын жанында турат.   Гватемаланын тургуну бутуна тура албай, отура калганын дагы көрсө болот. Учурда ал ооруканада. Чек арачылар белгилешкендей,… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кызыл-Кыя унаа жолу” жана “Өзбекстан унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү 3 күнгө жабылат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кызыл-Кыя унаа жолу” жана “Өзбекстан унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү 3 күнгө жабылат. Бажы кызматынан билдиришкендей,  1-декабрдан 3-декабрга чейин түйүндөрдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Бул күндөрү жарандар “Достук унаа жолу” пункту аркылуу өтсө болот. 4-декабрдан тарта эки өлкө ортосундагы түйүндөр кадимки тартипте ишин… Кененирээк…

“Түндүкэлектр” ишканасы электр кубатын ашыкча пайдалангандар үчүн атайын тетиктерди орнотот

“Түндүкэлектр” ишканасы электр кубатын ашыкча пайдалангандар үчүн атайын тетиктерди орнотот. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, жабдуу электр энергиясын керектөө 5 киловаттан ашканда күйүп кетет.   Эгер ал күйүп кетсе, алмаштырылганга чейин керектөөчү жарыксыз калышы мүмкүн. Белгилеп кетсек, бул “акылдуу эсептегичтер” коюла элек абоненттерге тиешелүү болот.   Ал… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жыл башынан бери 170 миңден ашык камсыздандыруу келишимин түзүштү

Кыргызстандыктар жыл башынан бери 170 миңден ашык камсыздандыруу келишимин түзүштү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпы сумма 700 миллиард сомго теңелди.   Ал эми камсыздандыруу компаниялары 6 миң полис боюнча 148 миллион сом төлөп берди. Белгилеп кетүүчү нерсе, жарандар басымдуу учурларда чукул кырдаалдардан жана ар… Кененирээк…

Шайлоо күнү Кыргызстандын 1 миң 300 жараны паспорт алды

Шайлоо күнү Кыргызстандын 1 миң 300 жараны паспорт алды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, өлкөдөгү бардык калкты тейлөө борборлору жана паспорттук көзөмөл бөлүмдөрү дем алыш күндөрү эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеди.   Жыйынтыгында,  27-ноябрь, ишембиде 1 миң 13 адам… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 24 пайыздан ашыгы кол менен саналып бүттү

Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 24 пайыздан ашыгы кол менен саналып бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, 2 миң 494 шайлоо тилкесинин 603үндө бюллетендер эсептелди.   Буга чейин автоматташтырылган системада добуштардын 97,59 пайызы саналган.   Кол менен эсептелген бюллетендердин алдын ала жыйынтыгында… Кененирээк…

Коргоо министринин биринчи орун басары болуп Талайбек Усубалиев дайындалды

Коргоо министринин биринчи орун басары болуп Талайбек Усубалиев дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.   Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Усубалиев Талайбек Ешенкулович Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.  

WhatsApp-Web жаңы функциялары менен кубандыруусун улантууда

WhatsApp-Web жаңы функциялары менен кубандыруусун улантууда. Эми анда өзүңдүн жеке стикерлериңди жасап алса болот. Ал үчүн колдонуучулар Sticker баскычын тандап, сүрөттү жүктөп алышы керек.   Ага каалаган текстти, смайликтерди кошуп өзгөртүп алууга мүмкүн. Жаңы функция мессенджердин уюлдук версиясында дагы жеткиликтүү болот. Бирок качан, азырынча белгисиз.

Бишкектин жаңы жылдык жасалгасы кандай боло турганын мэриядан айтып беришти

Бишкектин жаңы жылдык жасалгасы кандай боло турганын мэриядан айтып беришти. Күтүлгөндөй, ордо калаанын борбордук  аянтын жана көчөлөрүн жасалгалоодо улуттук колоритти камтыган жана салют, карды чагылдырган дизайн колдонулат.   Учурда Ала-Тоо аянтында башкы балатыны орнотуу уланууда. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери конструкцияны чогултуп, андан кийин 1 миң… Кененирээк…