Урматтуу Кыргызстандыктар, жаңы 2022-жылыңыздар менен! 

Урматтуу novosti.kgсайтынын окурмандары барыңыздарды жаңы 2022-жылыңыздар менен куттуктайбыз! Жолборс жылында күчтүүлүктү, сабырдуулукту, жаңы идеяларды, үй-бүлөлүк бакытты жана түгөнбөс энергия каалайбыз. Жыйынтыкталып жаткан жыл өлкө үчүн маанилүү саясий процесстер менен эсте калды. Кийинки жылы дагы өлкөдө тынчтык, биримдик жана бакубаттуулук саткалсын. Биз менен ар дайым бирге… Кененирээк…

Кыргызстандык аткаруучу «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү аталды

Кыргызстандык Александр Волкодав Россиядагы «Голос» долбоорунун 2021-жылкы сезонунун жеңүүчүсү болду. Волкодав «Голос» долбоорунун финалына казакстандык Алишер Каримов, Ернар Садирбаев жана россиялык Элина Панды менен чыккан. Телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 53,3 пайыз добушу менен Александр Волкодав быйылкы сезондун жеңүүчүсү аталды. Кыргызстандык ырчыга ошондой эле жеке ырын акысыз… Кененирээк…

“Түндүкэлектр” туумдарды жоюу акциясы аяктап жатканын эскертет

“Түндүкэлектр” туумдарды жоюу акциясы аяктап жатканын эскертет. Бүгүн керектөөчүлөр үчүн карыздарын төлөп, туумдардан арылууга мүмкүнчүлүк берилген акыркы күн. Муну менен абоненттер каражатын гана үнөмдөбөстөн, өздөрүн “кара тизмеден” дагы чыгара алат. Акцияга керектөөчүлөрдүн бардык категориялары катышса болот.  

“Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы коюу туманга байланыштуу бир нече каттам кармалууда

“Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы коюу туманга байланыштуу бир нече каттам кармалууда. Аба майдандын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Санкт-Петербургдан келген учак Алматыга конду. Андан тышкары ички каттамдар да кармалып жатат. Белгилеп кетсек, акыркы бир нече күндөн бери Бишкек жана Ош аба майданынын аймагындагы коюу… Кененирээк…

Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында жаңы мектеп ачылды

Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында жаңы мектеп ачылды. Керимбай уулу Сарыбай атындагы билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталды, — деп билдиришти архитектура жана курулуш агенттигинен. Жаңы мектеп 2 кабаттуу жана анда окуу класстарынан тышкары ашкана, спорттук зал, өтмө галерея бар. Долбоорду ишке ашырууга 34 миллион сом… Кененирээк…

Бишкектеги “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 500гө жакын техникалык паспорт берилди

Бишкектеги “Жер-Ынтымагы” конушунун тургундарына 500гө жакын техникалык паспорт берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан 1 миң 70 арыз кабыл алынды, анын 8и артка кайтарылды. Андан тышкары, дагы 10 конуштан 400гө жакын арыз кабыл алынды. Белгилеп кетсек, учурда техникалык паспорт берүү боюнча ыкчам топтор иштеп жатат. Алар жеринде… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин түзүмүн 12-январда карайт

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин түзүмүн 12-январда карайт. Бул тууралуу төрага Талант Мамытов билдирди. 18 депутаттан турган комиссия жаңы парламенттин түзүмү боюнча өзүнүн вариантын сунуштады. Ал долбоордо төраганын мурдагыдай 2 эмес 4 орун басары, 9 комитеттин ордуна 7ни түзүү каралган. Бул сунуш жыйында кызуу талкууну жаратты.… Кененирээк…

Ош шаарында дагы бүгүн коомдук унаалар түн ортосуна чейин жүрөт

Ош шаарында дагы бүгүн коомдук унаалар түн ортосуна чейин жүрөт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, 31-декабрдан 1-январга караган түнү №1-2-троллейбустар жана 8 линиядагы маршруттук таксилер саат 1ге чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Андан тышкары, борбордук аянттан жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн ддагы коомдук транспорт уюштурулат. Ал эми аларда жүрүү акысы… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда эки бала бакча жана эки мектеп пайда болот

Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда эки бала бакча жана эки мектеп пайда болот. Аймакты өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, 275, 200 орундуу билим берүү мекемелери Курбу жана Аң-Өстөн айылдарында, ал эми 140 жана 120 бөбөккө чакталган мектепке чейинки даярдоо мекемелери Григорьевка, Темир айылдарында курулат. Долбоорлорду ишке ашырууга… Кененирээк…

Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштери 10 күндөн кийин жанданат

Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштери 10 күндөн кийин жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Эске салсак, буга чейин карьерди тазалоо иштерине жана көмүр казыла турчу жаңы жерлерди чалгындоого байланыштуу кара отунду казуу иштери токтотулган. Анын ортосунда компаниядан белгилешкендей, кара отун менен Бишкек ЖЭБин… Кененирээк…