Эквадордун ордо калаасында мышыктын балдары үчүн бакча ачылды

Эквадордун ордо калаасында мышыктын балдары үчүн бакча ачылды. Бул жөн гана убактылуу кармоо жайы эмес, бүтүндөй кичинекей мышыктардын Академиясы.   Анда 2ден 4 айга чейинки жаныбарлар кабыл алынат.   Эксперттердин айтымында, дал ушул мезгилде мышыктардын басымдуу адаттары калыптанат. Академияда мышыктарга өздөрүн туура алып жүрүү, башка… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлигине вакциналарды ташууга атайын техника тапшырылды

Саламаттыкты сактоо министрлигине вакциналарды ташууга атайын техника тапшырылды.   Ведомстводон билдиришкендей, эки автомуздаткыч аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду аркылуу сатылып алынды.   Бул техниканын жардамы менен министрлик коронавируска каршы вакцинаны коопсуз шартта ташый алат. Алсак, Pfizer жана Moderna препараттарын ташууга төмөн температура талап кылынат.

Жалал-Абадда кичи ГЭС курулат. Объект Ничке-Сай дарыясынын жээгинде жайгашат

Жалал-Абадда кичи ГЭС курулат. Объект Ничке-Сай дарыясынын жээгинде жайгашат.   Шаар мэриясынан билдиришкендей, ГЭС жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Курулуш иштери кийинки жылы башталып, 2023-жылы аяктайт.   Долбоор 3,5 миллион долларды түзүп, ага чет элдик инвесторлор демөөрчү болот.

Кыргызстанда канттын баасына кайрадан мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда канттын баасына кайрадан мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ республиканын керектөөчүлөрүнө кумшекердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында даярдалды.   Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, октябрь айында кумшекердин бир килограммы дээрлик 2 сомго кымбаттап, 68 сомду түзгөн.   Ал эми былтыркы… Кененирээк…

Добуштарды кол менен саноо жыйынтыкталды

Добуштарды кол менен саноо жыйынтыкталды. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарыялады. Анын айтымында, учурда маалымат системага киргизилип жатат, бирдиктүү округ боюнча жыйынтыктын 40 пайызы системага киргизилип бүттү.   Жыйынтык 2 күндүн ичинде жарыяланат. Эске салсак, 28-ноябрда шайлоо БШКнын сайтындагы система иштен чыккан.   Портал… Кененирээк…

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен дагы бир банкнота чыгарылды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен дагы бир банкнота чыгарылды. 20 миң теңгелик купюраны коңшу өлкөнүн Улуттук банкы Казакстандын эгемендүүлүгүнүн быйылкы 30 жылдыгына арнап чыгарды. Анын жалпы нускасы 3 миллион болот.   Эске салсак, Назарбаевдин 10 миң теңгелик биринчи банкноту 2016-жылы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 26… Кененирээк…

Балыкчы шаарынын маданият үйү оңдолду

Балыкчы шаарынын маданият үйү оңдолду. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, оңдоо иштерине 4 миллион 780 миң сом бөлүнгөн.   Белгилеп кетсек, Балыкчы шаарындагы маданият үйүнүн имараты 53 жыл мурда курулган. Ошондон бери анда капиталдык оңдоо иштери болгон эмес.

Кыргызстандыктар ноябрь айында электр энергиясын азыраак керектеди

Кыргызстандыктар ноябрь айында электр энергиясын азыраак керектеди.   “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришкендей, күздүн соңку айы жылуу болгондуктан, колдонуу көрсөткүч 1 миллиард 67 миллион киловатт саатты түздү.   Бул 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 49 миллион киловатт саатка аз. Энергетиктер Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун… Кененирээк…

Жылуулук үчүн карыздарын жаңы жылга чейин төлөгөн керектөөчүлөргө туум жоюлат

Жылуулук үчүн карыздарын жаңы жылга чейин төлөгөн керектөөчүлөргө туум жоюлат. “Бишкекжылуулуктармактары” ишканасы акция жарыялады. Ага ылайык, 1-декабрга карата негизги карызды, ошондой эле, декабрь айынын болжолдуу эсебин январга чейин төлөгөн  абоненттерден туум алынбайт.   Бирок туумду төлөтүп алуу боюнча соттун чечими бар абоненттерге акциянын шарттары колдонулбайт.… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы кайрадан 75 сомго чыкты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы кайрадан 75 сомго чыкты.   Ноябрь айынын башында жергиликтүү бийлик ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп, күйүүчү майдын наркын 70 сомго түшүргөн.   Бирок бензин бир жумадан кийин эле кайрымбаттап кеткен. Буга чейин Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясынан… Кененирээк…