Кара-Балтада кийинки жылы текстиль фабрикасы ачылат

Кара-Балтада кийинки жылы текстиль фабрикасы ачылат.  Бул тууралуу Инвестициялар агенттигинен билдиришти.   Ишкананы Кара-Балта килем комбинатынын базасында ишке киргизүү каралды, имараттын жалпы аянты 53 миң чарчы метрди түзөт.   Долбоор 25 миллион долларга бааланып, каражатты түркиялык инвесторлор бөлүп берет.  Фабрика толук иштеп баштагандан кийин 1… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди. Бул тууралуу ал NUR-TV каналына берген маеги учурунда айткан. «Акыркы 3-4 күндө чек арадагы абал татаалдаша баштаган, көптөгөн кооптонуулар пайда болду, ушул жумуштар менен алекмин. Кечээ эле эки тараптуу сүйлөшүүбүз Көк-Ташта… Кененирээк…

Троллейбус айдоочуларына коргонуу каражаттары берилди

Бишкек троллейбус башкармалыгы күтүлбөгөн жагдайларда троллейбустун жүргүнчүлөрүнө жардам берүү үчүн коргоочу каражаттарды жаңылады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   Ишкананын даярдоо жана камсыздоо бөлүмү тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн 200гө жакын өрт өчүргүч, 240 даана диэлектрик кол кап жана 150 даана автоаптечкалар… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Босого конушунда жол чийиндер жаңыртылды

Биринчи май районунун «Ак-Босого» конушунда профессор Зима жана Архитектура көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилери жакшыртылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.   Ага ылайык, иш борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин көчмө жыйынынын жыйынтыгында аткарылды. Жол коопсуздугу үчүн эми кесилиштеги негизги жол Профессор Зима көчөсү болот.   Белгилей… Кененирээк…

Бишкекте газ убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин кээ бир аймактарында 6-10-декабрь аралыгында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» билдирди. Маалыматка караганда, Курманалиев, 23 көчөсүндөгү жер алдында жайгашкан газ түтүгүн оңдоо иштери аткарылат. Ал 1971-жылы эксплуатацияга берилген. Буга байланыштуу төмөнкү аймактарда газ жок болот:   Красный строитель аймагында, Керамический… Кененирээк…

Бишкекте 4-5-декабрда айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 4-5-декабрда айыл чарба жарманкеси өтөт.   Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматта жазылгандай, жарманке саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.   Жарманкеде айыл чарба жана тамак-аш продукциясын (жумуртка, эт, сүт азыктары, жашылча жана башкалар)… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов болду

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары болуп Азамат Мамбетов дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда,  3-декабрда, Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан 2024-жылдын аягына чейин Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп, аны президент кылып тандады. Эске салсак, Мелис Турганбаев 2012-жылдан бери Эркин… Кененирээк…

Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова «Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу» мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды. Спортчу кыздардын таймашын Россиянын Спорттук күрөш федерациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү.   Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Кармаштын… Кененирээк…