Кыргызстандык дзюдо спортчулар Азия чемпионатында ийгилик жаратууда

Кыргызстандык Анарбек Ишенбаев дзюдо боюнча жаштар арасында өткөн Азия жана Океания мелдешинде чемпион болуп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорт боюнча Улуттук федерациясынан билдиришти. Мелдеш ушул күндөрү Ливандын Бейрут шаарында өтүп жатат. 90 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык балбан чейрек финалдан тарта ат… Кененирээк…

Ошто кикбокс боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү

Ошто КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган спорттун кикбоксинг түрү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет. Аталган мелдешке Казакстан, Өзбекстандын курама командалары жана Кыргызстандан 350гө жакын спортчу катышты. Иш-чарада Ош облусунун башчысы сөз сүйлөп, спорт тармагын… Кененирээк…

“Бишкек-Сити” борборун куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлөт

“Бишкек-Сити” борборун куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлөт. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Уюштуруу иштери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алектенет. Долбоор ордо калааны көрктөндүрүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү, шаардын туристтик дараметин жогорулатууну көздөйт. Анын оротосунда «Бишкек сити» борбору кайсы жерге жана… Кененирээк…

Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылында жаңы бала бакча пайда болду

Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылында жаңы бала бакча пайда болду. Турмуш басылмасы билдиргендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 100 орунга ылайык. Курулуш иштерине 43 миллион сом жумшалды. Каражат республикалык бюджеттен берилди

Айрым соцмекемелердин тамак-аш үчүн бекитилген акчалары көбөйтүлөт

Айрым соцмекемелердин тамак-аш үчүн бекитилген акчалары көбөйтүлөт. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мындан ары жетим балдар үйү, карылар үйү жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана адамдар баш калкалаган жайларда тамактанууга бюджеттен эки эсе көп каражат бөлүнөт. Алсак, буга чейин күнүнө бир адамга… Кененирээк…

Министрлер кабинети өлкөгө ташылып келген электромобилдерди КНСтен бошотушу ыктымал

Министрлер кабинети өлкөгө ташылып келген электромобилдерди КНСтен бошотушу ыктымал. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, Салык кодексинин долбооруна тиешелүү бөлүмдү 3-5 жылга киргизүүнү карап чыгуу зарыл. Премьер белгилегендей, бийлик өлкөдөгү электромобилдерди көбөйтүүгө шарт түзүүгө жана транспорттун аталган түрүнө өтүүгө даяр.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон тартифтери төмөндөтүлдү

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон тартифтери төмөндөтүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар жана мамлекеттик жөлөк пул алган колдоого муктаж жарандар электр энергиясын 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВт/саатка чейин керектесе, 1 кВт/саат  үчүн 50… Кененирээк…

Чүй облусунун Манас айылындагы мектептин кошумча корпусун куруу уланууда

Чүй облусунун Манас айылындагы мектептин кошумча корпусун куруу уланууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, объект 500 окуучуга чакталат. Планда ошондой эле спорт зал жана өтмө галерея түзүү бар. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 97 миллион сомдон ашат. Иштер коррупцияга каршы көрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик… Кененирээк…

Ошто ипотекалык турак жайды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү

Ошто ипотекалык турак жайды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын курамына муниципалитеттин, УКМК башкармалыгынын кызматкерлери, активисттер жана юристтер кирди. Комиссиянын милдети – Ош мэриясынын ипотекалык ишканасы тарабынан курулган турак жайларды жана тиричилик эмес мекемелерди бөлүштүрүү. Эске салсак, учурда калаада муниципалдык ипотекалык программанын… Кененирээк…

Кыргызстанда дыйкандар жана фермерлер жер салгынан бошотулат

Кыргызстанда дыйкандар жана фермерлер жер салгынан бошотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, айыл чарбасына байланыштуу жарлыкка кол коюлду. Ага ылайык, дыйкандар менен фермерлер 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабык жерлерге салык төлөбөйт. Төлөнө турган салыкты өкмөт республикалык… Кененирээк…