Россиялык блогер жардам берген кыргызстандык кыздын маселеси каралат

Юстиция министрлиги коомдо талкуу жараткан эки окуяны изилдеп баштаганын маалымдады. Анда россиялык Dava деген каймана аты менен таанымал блогер Давид Манукян алып чыккан кыргызстандык Айнурага укуктук жардам көрсөтүүгө даяр экени айтылат. Белгилей кетсек, Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык кыз блогер менен маектешүү учурунда апасы карызга батып,… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын болжолдуу курамы

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. БШКнын маалымат тутумунун алдын ала маалыматы боюнча, урналардын 99,96 пайызы (автоматташтырылган эсептөөчү урнанын жана кол менен эсептөөнүн маалыматтары) иштелип чыккандан кийин 6 партиядан — 54 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча — 36 талапкер парламентке өттү.… Кененирээк…

Бишкектеги Жеңиш паркынан табылган 15 баш жылкы «кармоого» алынды

Милиция кызматкерлери «Шаардык сейил бактар» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан табылган 15 баш жылкыны «кармоого» алышкан. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын баса сөз кызматы билдирет. Азыр жылкылар «Шаардык сейил бактар» ишканасынын сарайында багылууда. Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери жашыл аянттарга зыян келтирүү боюнча акт түзүү… Кененирээк…

Араван районунда калктын айрым категориясы коомдук унааларда акысыз жүрө алышат

Араван районунда калктын айрым категориясы коомдук унааларда акысыз жүрө алышат. Алля Анаров аймагында 3 автобус  калктын аярлуу катмарын, пенсионерлерди акысыз ташыйт. Унааларды мигранттар сатып берген,  ар биринин баасы  2,5 миллион сомдон. Күйүүчү май үчүн каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Айдоочулардын маянасы мигранттар тарабынан каржыланат

Бишкекте быйыл 5 балаты орнотулат

Бишкекте быйыл 5 балаты орнотулат. Мэриядан билдиришкендей, жаңы жылдын башкы символу учурда Ала-Тоо аянтында тургузулууда. Андан тышкары, дагы 4 балаты райондук акимиаттардын алдында пайда болот. Кыш сулуусун жасалгалоо иштери менен жергиликтүү администрация алектенет. Мэриядан белгилешкендей, ордо калааны жаңы жалыга карата кооздоо иштери декабрдын ортосуна чейин… Кененирээк…

Пара алуу фактысы боюнча Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды

Пара алуу фактысы боюнча Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тактап айтканда, У.У.К. транспорт жана коммуникация министринин орун басарынын милдетин аткарып турган кезде 45 миң доллар опузалаганы аныкталды. Ал кечээ, 6-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек… Кененирээк…

Бишкек мэринин балатысы быйыл салттуу форматта өтөт

Бишкек мэринин балатысы быйыл салттуу форматта өтөт. Болжолдуу өтүү датасы – 24-декабрь. novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, иш-чарага 1 миң бала чакырылат. Алар жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле активисттер, окуунун отличниктери жана олимпиада жеңүүчүлөрү. Балдарга алгач филармонияда майрамдык шоу-программа уюштурулат, андан кийин… Кененирээк…

Парламенттик шайлоодо берилген добуштар кол менен саналып бүттү

Парламенттик шайлоодо берилген добуштар кол менен саналып бүттү. БШКнын маалыматына ылайык, бардык шайлоо тилкелериндеги протоколдор алынды. Кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке алдын-ала алты партия өтөт. Партиялардын өкүлдөрүнө 54 мандат каралса, бир мандаттуу округдагы жеңүүчүлөр үчүн 34 мандат берилет. Ваканттык орунда эки мандат калууда… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга мобилдик лаборатория тапшырды

Россия Кыргызстанга мобилдик лаборатория тапшырды. Унаалар техникалык жардам катары берилди. Мобилдик комплекс КАМАЗ унаасынын базасында салынган. Анын жардамы менен биологиялык коопсуздук эрежелерин сактап коркунучтуу жугуштуу ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, мобилдик комплекс Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборуна тапшырылды.

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү. Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун кинокартинасы «Мыкты чет элдик тасма» номинациясынын узун тизмесине кирди. Ага атаандаш 90 тасма бар. Киноленталарды кыска тизмеге тандоо үчүн добуш берүү 10-декабрда башталып, 15-декабрга чейин созулат. Анын жыйынтыгы 21-декабрда жарыяланат. «Оскар» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 2022-жылдын 27-мартында Голливуддагы… Кененирээк…