Кыргызстан эпидемияларга даярдык боюнча дүйнөлүк рейтингде 68-орунда жайгашты

Кыргызстан эпидемияларга даярдык боюнча дүйнөлүк рейтингде 68-орунда жайгашты. 195 мамлекетти камтыган тизмени Economist басылмасы менен биргеликте Ден-соолук коопсуздугу борбору түздү.   Рейтингди түзүүдө эксперттер алдын алуу, таасир берүү, саламаттыкты сактоо системасы, эл аралык нормаларды кармануу жана коркунучтарды эске алды. ал эми Борбордук Азия мамлекеттери тууралуу… Кененирээк…

Ордо калаанын парковкалары жакынкы арада аутсорингге берилиши мүмкүн

Ордо калаанын парковкалары жакынкы арада аутсорингге берилиши мүмкүн. Вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун айтымында, жаңы жылда “Бишкек парковкалары жана унаа токтотуу жайлары” муниципалдык ишканасы жоюулат.   Анын ордуна мэрия мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасын киргизет. Долбоорго бардык каалоосу бар ири инвесторлор катыша алат.   Күтүлгөндөй, мындай тартипте иштеген унаа… Кененирээк…

Ошто бүгүн башкы балатынын оту жандырылат

Ошто бүгүн башкы балатынын оту жандырылат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, майрамдык кече кечки саат 7де башталат. Белгилеп кетсек, Оштун балатысы өлкөдөгү эң бийик болуп эсептелет – анын бийиктиги 31 метр.   Токой сулуусунун жанында 2022-жылдын символу болгон жолборстун чоң сөлөкөтү орнотулду.   Мэриядан белгилешкендей, жалпысынан… Кененирээк…

Кыргызстанда 15 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2019-20-жылдарга салык декларациясын тапшырган эмес

Кыргызстанда 15 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер 2019-20-жылдарга салык декларациясын тапшырган эмес. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1,5 миңдей чиновник кирешеси жана экономикалык ишкердүүлүгү жөнүндө отчетторду белгиленген убакыттан кийин тапшырган.   Материалдарды Салык кызматы юридикалык баа берүү максатында прокуратура органдарына тапшырды.

Мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски 50 жыл мурда коюлган рекордду жаңыртты

Мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски 50 жыл мурда коюлган рекордду жаңыртты. Футболчу Бундеслиганын 16-турунда өзгөчөлөнө алды. Оюн 5:0 эсебинде жыйынтыкталды. “Штутгарт” менен беттеште Левандовскинин жеке эсеби дубль менен толукталды.   Экинчи топ анын быйылкы 42-голу болуп калды. Мындай рекорд буга чейин “Бавариянын” чабуулчусу Герд Мюллерге… Кененирээк…

Россия Кыргызстандын республикалык бюджетин колдойт

Россия Кыргызстандын республикалык бюджетин колдойт. “Акчабар” агенттигинин маалыматына ылайык, аталган өлкөнүн каржылык колдоосу Каржы министрлигинин декабрь айына болгон кассалык планында көрсөтүлдү. Казынанын киреше бөлүгүндө  838 миллион сом белгиленди.   Сумма Россия тарабынан грант катары берилген.

Кыргызстанда социалдык мекемелерде тамактанууга чыгымдарды көбөйтүү сунушталды

Кыргызстанда социалдык мекемелерде тамактанууга чыгымдарды көбөйтүү сунушталды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, өкмөттүн 2008-жылы кабыл алынган токтом долбоору бир эле жолу өзгөртүлгөн –  2014-жвлв тамактануу нормасы чоңдор үчүн 100 сомго, балдар үчүн 110 сомго жеткирилген.   Ведомстводон белгилешкендей, бүгүнкү күндө азык-түлүктүн баасы кескин… Кененирээк…

Коронавирустан вакцинанын үчүнчү дозасын 3 миңден ашык кыргызстандык алды

Коронавирустан вакцинанын үчүнчү дозасын 3 миңден ашык кыргызстандык алды. Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматына ылайык, жалпысынан тилкеде 60 жаштан ашкандар, медицина кызматкерлери жана тубаса оорусу бар жарандар катталган.   Эске салсак, вакцинанын кошумча дозасы кыргызстандыктарга 17-ноябрдан тарта жеткиликтүү болду.   Үчүнчү ирет эмдөөдөн тизмедеги гана… Кененирээк…

Баткен облусунда жергиликтүү инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулат

Баткен облусунда жергиликтүү инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулат.   Объект Бозу-Баглан дайысынын жээгинде Катран айылында жайгашат. Долбоорду ишке ашыруунун болжолдуу баасы 7 миллион долларды түзөт.   Учурда курулуш иштеринин биринчи фазасы 80 пайызга аткарылды. Иштер соңуна чыккандан кийин айылдагы көптөгөн социалдык маселелер… Кененирээк…

Бишкекке жылуу аба-ырайы кайтып келет

Бишкекке жылуу аба-ырайы кайтып келет. Термометр мамычалары эртеңден тартып кескин жогорулайт. Синоптиктердин маалыматына караганда, эртең ордо калаада 8 градуска чейин жылуу болот. Дем алыш күндөрү абанын табы +14кө чейин көтөрүлөт. Дүйшөмбүдө кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Бирок чыныгы кыштын ызгаары кийинки жуманын аягына чейин сезилбейт, —… Кененирээк…