400 мигрантка Россияга кирүүгө тыюу салынды

Россияда калайман мушташка катышканы жана башка мыйзам бузуулар үчүн 400 мигрантка өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Татьяна Дмитриева Эл аралык мигранттар күнүнө арналган жыйында билдирди.   Анын айтымында, кара тизмеге түшкөн мигранттар Россияга 40 жыл кире алышпайт. Дмитриева ушул тапта… Кененирээк…

Өзбекстан картөшкө импорттогон дүйнөдөгү беш алдыңкы мамлекетке кирет

Быйыл 11 айда Өзбекстан 455 миң тоннадай картөшкө импорттогон. Бул 2017-жылкы көрсөткүчкө караганда 2,2 эсе көп. Бул тууралуу EastFruit порталы маалымдады. Өкмөт чет жактан картөшкөнүн уругун алып келип, дыйкандарга күчтөп айдатканы менен жыйынтык чыга элек. EastFruit билдиргендей, быйыл Өзбекстанга картөшкө негизинен Иран, Казакстан, Пакистан, Кыргызстан… Кененирээк…

Чек арада абал туруктуу, курулуш токтоду

Баткен районунун Көк-Таш айылында абал туруктуу экенин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 17-декабрда “Азаттык” радиосуна билдирди. «Көк-Таш айылында абал туруктуу, топтошкондор жок, жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деди ал   Чек ара кызматы 16-декабрда кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атылганын кабарлаган. Кыргызстандын жарандары Баткен… Кененирээк…

Кыргызстандын демилгеси менен 2022-жыл — «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыяланды

Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды — «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Тиешелүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынган. ТИМ тараткан маалыматка ылайык, токтом долбоорун кароонун алдында кыргыз тарапка аны тааныштыруу… Кененирээк…

Түндүк кореялыктарга 11 күн бою күлгөнгө дагы болбойт

Түндүк Кореяда бардык жарандарга 11 күн бою күлгөнгө, туулган күндөрдү белгилөөгө жана спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынат. Жергиликтүү бийлик мурдагы лидер Ким Чен Ирди эскерүүгө байланыштуу аза күтүү жарыялады.   Андан тышкары, түндүк кореялыктарга маанайы жакшы экенин көрсөтүүгө болбойт. Ал эми 17-декабрда, мурдагы лидер каза… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп баштады

“Манас” эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп баштады. Аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учактарды жөнөтүү жана кабыл алуу кадимки тартите жүрүүдө.   Эске салсак, буга чейин калың туманга байланыштуу бир катар эл аралык каттамдар кармалып калган.

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси бир смена менен 480 окуучуну кабыл алууга чакталган.   Анда окуу класстары, процедуралык, методикалык кабинеттер, техникалык имараттар, акты жана спорт залдар каралган. Мэриядан белгилешкендей, 2023-жылга чейин ордо калаа жаңы конуштарында… Кененирээк…

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө айыптарды төлөө мөөнөтү дагы бир жылга узартылды

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө айыптарды төлөө мөөнөтү дагы бир жылга узартылды. Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда жеңилдик берилет. Алсак, кийинки жылдын 1-июлуна чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар толугу менен жоюлат. Ал эми 2022-жылдын 31-декабрына чейин… Кененирээк…

Бишкекте медицина кызматкерлерине арналган граффити пайда болду

  Чоң сүрөт мамлекеттик медицина академиясынын 7-жатаканасынын дубалына тартылды. Эмгекти скульптор-сүрөтчү Марлен Бакачиев жаратты. Сүрөттүн жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт. Дубалдын бир бөлүгүндө жылмайган Адинай Мырзабекованын элеси түшүрүлдү. 21 жаштагы Адинай пандемия курчуган учурда Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеген. Дубалдын экинчи бөлүгүндө медицина… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташуу эки эсе көбөйдү

Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташуу эки эсе көбөйдү. Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун айтымында, «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу ноябрда күнүнө 60 вагонго чейин жүк ташылса, учурда 125 унаа өтүп жатат. Муну менен белгиленген план 100 пайызга аткарылды. Бул экономикага дагы он таасирин… Кененирээк…