Бишкекте башкы балатынын оту жанды

Бишкек шаарындагы Жаңы жылга карата орнотулган башкы балатынын оту жанды. Иш-чарага жүздөгөн шаардыктар келип күбө болушту. Калаа мэриясы башкы балаты менен «Ала-Тоо» аянтын кооздоого жалпы жонунан 5,7 миллион сом сарптады. Балатынын бийиктиги 25 метр, ага 1 400 оюнчук тагылды. Мэрия «Бишкек — 2022» жаңы жылдык… Кененирээк…

Илон Маск  АКШнын тарыхындагы эң чоң салыкты төлөшү мүмкүн

Tesla жана SpaceX`тин негиздөөчүсү Илон Маск  АКШнын тарыхындагы эң чоң салыкты төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды. Салыктын суммасы 10 миллиард доллардан ашат.   Маск буга чейин салыктарды жабуу үчүн 15 миллион долларга жакын опционду ишке ашырып, 11 миллион доллардык акциясын саткан. Бирок… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер өтөт

Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер өтөт. Мэриянын маалыматына ылайык,   жарманкелер 21-26-декабрда Ынтымак-2 паркында, 21инен 30-декабрга чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульвары менен кесилишинде орун алат.   Шаар тургундары жана коноктору бул жерде жаңы жылдык белектерди, айыл-чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди сатып ала алат.

Кыргызстанда быйыл балдарга коюлган популярдуу ысымдар аталды

Кыргызстанда быйыл балдарга коюлган популярдуу ысымдар аталды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, эркек балдарга Мухаммад ысымы көп коюлду – 4 миң 537 балага, андан кийин Умар, Али, Амир, Билал, Алихан, Алинур, Нурислам жана Усман аттары популярдуу.   Ал эми кыздарга көбүнчө Салиха – 3 миң… Кененирээк…

Бишкекте эки маршруттук таксинин схемасы өзгөртүлдү

Бишкекте эки маршруттук таксинин схемасы өзгөртүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук транспорттордун каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссия түзүлдү.   Анын биринчи жыйынында №135 маршруттун схемасы жарым-жартылай өзгөрүп, Шералиев — Эр-Тайлак — Садыбакасов — Камбар-Ата — Ак-Таң көчөлөрү менен каттай турган болду. Ал… Кененирээк…

Бишкек мэриясы бир айдын ичинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын тартуулайт

Бишкек мэриясы бир айдын ичинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын тартуулайт. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, программа 2026-жылга чейин эсептелет. Анда бир катар багыттар жазылды.   Анын ичинде – заманбап шаардык инфраструктура, экономиканын өсүшү жана жергиликтүү бюджетти… Кененирээк…