Түндүк-түштүк альтернативалык трассасынын курулушу уланууда

Түндүк-түштүк альтернативалык трассасынын курулушу уланууда. Президент администрациясынан билдиришкендей, Көк-Арт ашуусуна тиешелүү тилкеде курулуп жаткан туннелдин 2 миң  991-метринде иштер жыйынтыкталды.   Жумуштар эки тараптан жүргүзүлүүдө: түндүк жана түштүк тараптан туннелди салуу жүрүп жатат. Белгилеп кетүүчү нерсе, аталган туннель Кыргызстандагы эң чоң туннель болуп калат. Анын… Кененирээк…

Евразияда дүйнөдөгү эң узун темир жол курулду

Евразияда дүйнөдөгү эң узун темир жол курулду. Лаостогу темир жолду курууга 5 жыл  жана 6 миллиард доллар керектелди. Жаңы транспорттук каттам буга чейинки жолдорду бириктирет. Каттамдын жалпы узундугу 18 миң 655 чакырым.   Ал Португалиянын ордо калаасынан башталып, 13 мамлекетти басып өтөт – Франция, Беларусь,… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүткүл Кыргызстанды камтыйт

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүткүл Кыргызстанды камтыйт.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, камералар Бишкек-Каракол, Бишкек-Нарын-Торугарт, Кара-Балта-Жалал-Абад, Жалал-Абад-Өзгөн-Ош, Ош-Сары-Таш-Иркештам, Суусамыр-Талас-Тараз, Ош-Баткен-Исфана унаа жолдорунда пайда болот. Андан тышкары, 44 камера Бишкекте орнотулат.   Долбоордун экинчи этабын ишке киргизүү кийинки жылдын 10-мартына белгиленди.

Ички иштер министрлиги участкалык, туристтик жана экология милицясынын функцияларын кеңейтүүдө

Ички иштер министрлиги участкалык, туристтик жана экология милицясынын функцияларын кеңейтүүдө. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Улан Ниязбеков жарыялады.   Анын айтымында, кызматтын башкаруусуна 3 негизги функция киргизилет – адам өмүрүн ар кандай коркунучтардан коргоо, күнү-түнү тынчтыкты жана элдин коопсуздугун камсыздоо, коомчулуктун туруктуу жашоосу үчүн мамлекеттик кызматтарды… Кененирээк…

Жаңы Зеландия өлкөсү 2013-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки тартууга толугу менен тыюу салды

Жаңы Зеландия өлкөсү 2013-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки тартууга толугу менен тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.   Маалыматта өлкө 2025-жылга чейин тамеки тарткандардын санын 5 пайызга дейре кыскартуу жана 2027-жылга чейин тамекисиз өлкө куруу планын иштеп чыкканы айтылат. Ага ылайык, мындан бир канча… Кененирээк…

Бишкекке 60 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузуу пландаштырылып жатат

Бишкекке 60 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузуу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын бактардын (бирючина) жашыл тосмосу — бул кооздуктун жана функционалдуулуктун айкалышы, бул бадалдын түрү оңой өсүп, тез жетилет. Эң негизгиси бутоо иштерине активдүү өсүү менен жооп беришет.… Кененирээк…

Кытайдын эң улуу жараны 135 жашында каза болду

Кытайдын эң улуу жараны Алимихан Сейти 135 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басымалар жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, Алимхан Сейти 1886-жылы Синьцян-Уйгур автономиялуу районундагы Кумушерик кыштагында туулган.     Сейти үй чарбачылыгы менен алектенип, көп сейилдеп, ырдаганды жакшы көрчү. Ал дайыма жашоосунда күлүп, шайыр жүрчү… Кененирээк…

Мигранттар Кыргызстанга 2,3 миллиард доллар которду

2021-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстанга 2 миллиард 284 миллион 650 миң сом которулгандыгын Улуттук банк билдирди. Кеп акча которуу системасы аркылуу салган жеке жактар туурасында болууда. Өткөн жылдын 10 айында өлкөгө 1 миллиард 959 миллион доллар келип түшкөн. 2020-жылдын башында өнөктөш өлкөлөр пандемиядан улам чектөө… Кененирээк…

Садыр Жапаров УКМК кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Анда мамлекет башчы чекисттердин ишмердүүлүгү мамлекеттик жана коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгү экенин белгилеген. «Мыйзамдуулук жана коопсуздукту сактоо менен өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга зор салым кошуп келесиздер. Дүйнө жүзү боюнча технологиянын тездеп өнүгүшүнүн… Кененирээк…

Бишкектеги Психикалык ден соолук жана Наркология борбору бирикти

Бишкектеги Психикалык ден соолуктун республикалык борбору менен Республикалык норкология борбору бириктирилди. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалиддин Рахматуллаевдин «Азаттыкка» билдиришинче, ар кайсы региондогу ооруканалар аймактык ооруканалардын карамагына кирип, оптималдаштырылат. «Бул өкмөттүн 2017-жылдагы токтомунун негизинде кабыл алынган иш-пландар. Психиатрия менен наркология кызматы бириктирилип, бир жетекчи болду.… Кененирээк…