Бишкекте шаардык клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды

Бишкекте шаардык клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 30 орундуу бөлүм керектүү диагностикалык, профилактикалык жана дарылоочу жабдуулар менен камсыздалды. Капиталдык оңдоо иштерине дээрлик 7 миллион сом жумшалды. Каражат Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилди.

Милиция кызматкерлери жаңы жылдык майрамга карата 28-декабрдан тартып күчөтүлгөн режимде иштейт

Милиция кызматкерлери жаңы жылдык майрамга карата 28-декабрдан тартып күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу Novosti.ге ички иштер министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей,  1-январга чейин республика боюнча ички иштер органдарынын 11 миң кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт. Өзгөчө көңүл аймактардагы адамдар көп чогулган жерлерге жана балатылардын айланасына… Кененирээк…

Швейцария Кыргызстандын өнүктүрүү программасына 22 миллион доллар бөлүүгө даяр

Швейцария Кыргызстандын өнүктүрүү программасына 22 миллион доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер билдирди. Бирок каражат качан берилери так айтылган жок. Элчинин айтымында, Швейцария менен Кыргызстандын ортосунда көп окшоштуктар бар. Ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгына Швейцария даяр.

Синоптиктер Бишкекте 26-декабрдан тартып суук болорун эскертишет

Синоптиктер Бишкекте 26-декабрдан тартып суук болорун эскертишет. Ордо калаага калың кар жаайт. Жекшембиде күндүз абанын температурасы +2 градуска чейин төмөндөйт, түштөн кийин кар аралаш жаан жаайт, ал кечкинде күчтөнүп, калың карга айланат. Күтүлгөндөй, жолдор тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жетет. Дүйшөмбүдө суук… Кененирээк…

Россияда мигранттар үчүн акысыз орус тилин үйрөтүүчү курстар ачылышы ыктымал

Россияда мигранттар үчүн акысыз орус тилин үйрөтүүчү курстар ачылышы ыктымал. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин алдындагы илимий кеңеш сунуштагандай, бул мигранттардын жергиликтүү эл менен сүйлөшүшү үчүн маанилүү. Мигранттар барган өлкөсүнүн тилинде сүйлөй алганы ийгиликтүү интеграциядан кабар берет. Андыктан мирганттар үчүн акысыз тил курстарын ачуу зарыл, — деп… Кененирээк…

Кыргызстандын Венгриядагы жаңы элчиси дайындалды

Кыргызстандын Венгриядагы жаңы элчиси дайындалды. Кызматка Талантбек Кушчубеков бекитилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Кушчубеков буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги быйыл октябрда ачылды. Ал эми Венгриянын биздигн өлкөдөгү элчилиги былтыр февралда иштеп баштаган

Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайлар жабылышы мүмкүн

Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайлар жабылышы мүмкүн. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга жооп бербегендердин ишин токтотуу сунушу киргизилет, — деп билдирди Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова. Анын айтымында, айрым ЖОЖдордо студенттерге жетиштүү билим берилбей жатат.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп ачылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп ачылды. Билим берүү мекемеси Дархан айылында жайгашат жана ал 285 окуучуга ылайык, — деп билдиришти райондук администрациядан. Жаңы мектеп заманбеп стилде салынып, балдардын билим алышы үчүн бардык шарттар түзүлдү. Имараттын курулушуна 72 миллион сом жумшалды. Каражат демөөрчүлөр тарабынан берилди.

Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы жарандардан арыздарды мындан ары электрондук түрдө дагы кабыл алат

Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы жарандардан арыздарды мындан ары электрондук түрдө дагы кабыл алат. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти. Бул үчүн upsm.online сайты иштеп жатат. Жаран аталган порталга кирип үч бөлүмдүн бирин тандаса болот. Анда тынымсыз байланыштын WhatsApp номери, арыз жазуу, ошондой эле жол… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл 200 миңге жакын жаран унаа башкаруу укугуна ээ болду

Кыргызстанда быйыл 200 миңге жакын жаран унаа башкаруу укугуна ээ болду. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, быйыл январдан ноябрга чейин «Унаа» мамлекеттик ишканасы тарабынан улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү берилди. Ошондой эле аталган мезгилде 400 миң транспорт каражаты каттоого алынды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 115… Кененирээк…