Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында кароо-сынак өтөт

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюштуруучулардын бири, манасчы Самат Көчөрбаев билдирди. Кароо-сынак 2022-жылдын 15-16-январында КТРКнын концерттик залында өткөрүлөт жана ага 15 жаштан 40 жашка чейинки аткаруучулар катышат. Көчөрбаевдин айтымында, автордун ырларын келечекте чет тилдерде да… Кененирээк…

Чолпон-Атада Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 24-декабрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет. Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, мамлекеттик катчы өлкөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрүнүн бири, кыргыз элинин чыныгы баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жыл… Кененирээк…

Синоптиктер алдыда калың кар күтүлөрүн эскертишет

Синоптиктер алдыда калың кар күтүлөрүн эскертишет. 26-27-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кескин суук болуп, кар жаайт. Алыскы райондордо жаан-чачын катуу болот. Линияларга жана бактарга кар жабышат. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, кар бүртүкчөлөрү пайда болот. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 17/22 метрге чейин жетет. Мындай туруксуз… Кененирээк…

Жаңы салык кодексинин күчүнө кириши менен азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлбөйт

Жаңы салык кодексинин күчүнө кириши менен азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлбөйт. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Бекболот Алиев билдирди. Анын айтымында, жаңы редакцияда бир дагы мамлекеттик пошлинанын ставкасы көтөрүлгөн жок жана жаңы салыктар киргизилген эмес. Алиев белгилегендей, бийлик кичи бизнестен көп салык чогулткусу… Кененирээк…

Төө-Ашуу ашуусунда жана Боом капчыгайында туман түшүп, кар жаап, жолдор тайгак болот

Төө-Ашуу ашуусунда жана Боом капчыгайында туман түшүп, кар жаап, жолдор тайгак болот. Аба-ырайынын шарттарын начарлашын синоптиктер эскертишет. Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугарт унаа жолдоруна сапарга чыга турган айдоочулар рулда өзгөчө этият болушу керек. Ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы аралыкты сактоо жана каршылаш тилкеге чыкпай… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жаңы “омикрон” штаммынын Кыргызстанга келишине даяр

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жаңы “омикрон” штаммынын Кыргызстанга келишине даяр. Бул тууралуу ведомствонун орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди. Анын айтымында, аэропорттордо жана бекеттерде келгендерди текшерүү чаралары күчөтүлдү. Андан жарандардын дене табы өлчөнүп, ПЦР-анализи жана вакцина алганы талап кылынууда. Калк арасында оору катталса, ооруканалар жана лабораториялар… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча командасы ФИФА рейтингинде 210 кураманын арасынан 96-орунда жайгашты

Кыргызстандын футбол боюнча командасы ФИФА рейтингинде 210 кураманын арасынан 96-орунда жайгашты. Жаңы рейтинг кечээ, 23-декабрда жарыяланды. Отчеттук мезгилде Кыргызстандын курама командасы оюн өткөргөн жок. Учурда биздин команданын карамагында 1 миң 228 упай бар. Ал эми рейтингдин сап башында Бельгия, Бразилия жана Франция турат. Салыштырмалуу айта… Кененирээк…

Балыкчыдагы шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборуна кошумча корпус курулууда

Балыкчыдагы шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборуна кошумча корпус курулууда. Жаңы бөлүмдө дарылоодон өткөн бейтаптар калыбына келтирилет.  Анда бир эле убакта 21 бейтап кабыл алынат. Курулуш иштери эл аралык фонд тарабынан жүрүүдө. Жаңы корпус кийинки жылы пайдаланууга берилет.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Райондук администрациядан билдиришкендей, Масалиев атындагы билим берүү мекемеси 275 орунга чакталды жана анда окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, керектүү эмерек, жабдуулар менен камсыздалды. Эске салсак, буга чейин Баткендеги 8 социалдык объекттин курулушуна жана ондоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен… Кененирээк…

Кийинки жылы Кара-Балтадагы килем фабрикасын ишке киргизүү пландалууда

Кийинки жылы Кара-Балтадагы килем фабрикасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу инвестиция министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов билдирди. Анын айтымында, инвесторлор менен бардык макулдашуулар жетишилди, учурда иштерге 400 миң доллар багытталды. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 25 миллион доллар. Өндүрүштүн ишке кириши менен жаңы 1 миң… Кененирээк…