«Унаа» ишканасы майрам күндөрү иштебейт

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрү жана республикадагы автоунаа маселеси боюнча айдоочуларды тейлөө борборлору 1-9-январда иштебейт. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты. Мындан улам министрлер кабинети 1-январдан 9-январга чейин беш күндүк график менен иштегендер үчүн эс алуу күндөрү болорун жарыялаган. Андан улам «Унаа» элди 10-январдан тарта тейлейт. 29-30-декабрда «Унаанын»… Кененирээк…

Ошто жаңы мектеп бүгүн пайдаланууга берилди

29-декабрда Ош шаарынын Орке айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, Сауд Арабиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Мектеп 375 орунга ылайыкташтырылып, бардык шарттар түзүлгөн. Спорт зал,… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште фракциялардын лидерлери аталды

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда 4 фракциянын лидерлери белгилүү болду.   «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, «Ишеним» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов, «Ынтымак» фракциясынан Марлен Маматалиев, «Альянс» фракциясынан Алтынбек Сулайманов.   Ал эми «Ыйман нуру» жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы түзүмү тууралуу жарыялай элек. Бүгүн, 29-декабрь саат 11:00дө парламент… Кененирээк…

2022-жыл үй-бүлө курууга жана балалуу болууга ийгиликтүү болот

2022-жыл үй-бүлө курууга жана балалуу болууга ийгиликтүү болот. Астрологдордун божомолунда жылдын ээси болгон Жолборс жалгыз бой адамдарга өмүрлүк жар табууга жардам берет, бирок ал үчүн жаштар өздөрү дагы  активдүү болушу керек.   Ал эми үй-бүлөнү буга чейин курууга жетишкен жубайлар жаңы жылда бирин-бири тереңдеп таанууга… Кененирээк…

Бишкекте өз билемдикке салынган үйлөрдү мыйзамдаштырууга акчага жардам берүүнү убадалаган шылуундар пайда болду

Бишкекте өз билемдикке салынган үйлөрдү мыйзамдаштырууга акчага жардам берүүнү убадалаган шылуундар пайда болду. Мэриядан эске салышкандай, мындай ишти көчмө топтор гана аткарат.   Эгер шаар тургундарына мындай сунуштар келип түшсө, анда ордо калаанын милициясына кайрылуу керек. Кошумчалап кетсек, бүгүнкү күнгө карата 300дөн ашык техпаспорт берилди.… Кененирээк…

Кыргызстанда тамчылап сугаруу жабдууларын өндүрүү боюнча завод ачылат

Кыргызстанда тамчылап сугаруу жабдууларын өндүрүү боюнча завод ачылат. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө 2,5 миңдей гектар жер тамчылап сугарылат, бирок дыйкандар арасында жыл сайын мындай системага суроо талап өсүүдө.   Андыктан, ведомство долбоорду ишке ашырууга инвесторлорду тартуу ниетинде.  … Кененирээк…

Жаңы шайланган депутаттар ант берди

Жаңы шайланган депутаттар ант берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы эл өкүлдөрүнө күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды.   Муну менен парламенттин 7-чакырылышы расмий түрдө ишке киришти. Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Добуш берүү аралаш система менен өттү. Эми 27-февралда эки округда кайра… Кененирээк…

Эмгек мигранттар Кыргызстанга жыл башынан бери 2 миллиард 285 миллион доллар которушту

Эмгек мигранттар Кыргызстанга жыл башынан бери 2 миллиард 285 миллион доллар которушту.   Бул өткөн жылдын январь айынан октябрына чейинки мезгилине салыштырмалуу 16 пайызга көп.   Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт. Андан белгилешкендей, адаттагыдай эле, которуулардын басымдуусу Россияга туура келет – бул өлкөдө эмгектенген мекендештер… Кененирээк…

Кыргызстанда 2 миллион 231 миң адам вакцина алды

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 92 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 677 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 415 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 223 миң 170 адам… Кененирээк…

Кыргызстанда 2022-жылга ирригациялык тармакты даярдоого бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда 2022-жылга ирригациялык тармакты даярдоого бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, иштер башталды. Ноябрда бөлүнүп берилген сумманын  бир бөлүгүнө каналдарды оңдоо, тазалоо жана бетондоо иштери жүрүп жатат. Министр белгилегендей, болжолдуу түрдө суунун деңгээли кийинки жылы дагы быйылкыдай… Кененирээк…