Түндүк Корея кышкы Олимпиадага катышуудан баш тартты

Түндүк Корея кышкы Олимпиадага катышуудан баш тартты. Аталган өлкөнүн бийлиги жарыялагандай, баш тартуу глобалдык пандемиядан улам. Анын ортосунда Түндүк Корея Кытайдын өткөрө турган иш-чарасын колдойт. Эске салсак, буга чейин Олимпиадага катышуудан АКШ, Жаңы Зеландия жана башка бир катар өлкөлөр баш тарткан. Кышкы Олимпиада оюндары Пекинде… Кененирээк…

Бишкекте 7 миңден ашык керектөөчүнүн электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкекте 7 миңден ашык керектөөчүнүн электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, эртеңден тартып карызы бар абоненттердин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Ордо калаа боюнча дебитордук карыздын көлөмү 11 миллион сомдон ашты. Андан улам, керектөөчүлөргө ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн электр энергиясы үчүн карыздарды өз маалынан кечикпей төлөө сунушталат.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Казакстанда өз ишине киришти

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти Казакстанда өз ишине киришти. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу күчтөрдүн курамы Алматы шаарындагы маанилүү стратегиялык объект деп эсептелген ЖЭБ-2нин кайтарып жатат. Тынчтык орнотуучулар Казакстанга Жогорку Кеңештин чечими жана президенттин жарлыгы менен кеткен. Негизги милдет катары кошуна өлкөдө кыска… Кененирээк…

Ош шаарындагы Бабур академиялык музыкалык драма театрын оңдоо иштери уланууда

Ош шаарындагы Бабур академиялык музыкалык драма театрын оңдоо иштери уланууда. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө маданий мекеменин электр жана жылуулук тармактары калыбына келтирилүүдө. Театрды оңдоп-түзөө иштерине 5 миллион доллар багытталат. Каражат Өзбекстандан алынган гранттан берилет.

Кыргызстанга ташылып келе жаткан мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды

Кыргызстанга ташылып келе жаткан мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды. УКМКнын маалыматына ылайык, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү түйүнүнөн жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда баасы болжол менен 10 миллион сомдон ашык, «ар түрдүү товар» деп катылган 224 куту дары-дармек табылды. Препараттардын тиешелүү документтери жок. Унаа Россиядан келип, республиканын түштүгүнө бараткан. Учурда… Кененирээк…

Кыргызстан милициясы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда

Кыргызстан милициясы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, туруктуу кырдаалды сактоого багытталган чаралар көрүлүп жатат. Ошондой эле жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда. Айдоочулардын өздүк документтери текшерилип, ылдамдыкты сактоо жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузбоо боюнча эскертүүлөр берилүдө.

“Грэмми” сыйлыгын тапшыруу аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Быйылкы “Грэмми” сыйлыгын тапшыруу аземи коронавирустан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Иш-чара 31-январда өтмөк. Бирок пандемияга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилди. Аземдин өтө турган так күнү кийин айтылат. Эске салсак, былтыр дагы “Граммини” тапшыруу 31-январдан 14-мартка жылдырылган. Быйыл аталган сыйлыкка ар категорияда 10 аткаруучу көрсөтүлдү.

Бишкектин 6-кичирайонунда бала бакча ачылат

Бишкектин 6-кичирайонунда бала бакча ачылат. Мэриянын маалыматына караганда, кеп, №44-мектепке чейинки даярдоо мекемеси тууралуу болуп жатат. Объекттин жылытуу системасы оңдоп-түзөөдөн өттү. Иштер толук аяктады. Эми эртеңден тартып бакчага бөбөктөр кабыл алынып баштайт.

Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу быйыл жазда башталат

Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу быйыл жазда башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын жыйынында айтылды. Белгилеп кетсек, курулуш иштерин жургүзүү үчүн франциялык компания менен келишим түзүлдү. Келечектин экологиялык таза шаарынын долбоору ушул жылы июлда тартууланды. Авторлордун концепциясына ылайык, жаңы шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борборуна айланат.

Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра өтө турган шайлоодо добуштар өз-өзүнчө саналат

Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра өтө турган шайлоодо добуштар өз-өзүнчө саналат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Ошондой эле бюллетендерде “барына каршы” графасы жайгаштырылат. Ар бир округда барынан көп добуш алган талапкер жеңүүчү болот. БШК акыркы жыйынтыкты 12-мартка чейин чыгарышы керек. Эске салсак, Биринчи май жана… Кененирээк…