Жеке ишкерлер ушул айдан тартып салык отчетторун электрондук форматта тапшырууга өтөт

Жеке ишкерлер ушул айдан тартып салык отчетторун электрондук форматта тапшырууга өтөт. Мамлекеттик салык кызматынан Salyk.kg сайтынан «жеке кабинети» аркылуу салык отчетторун электрондук документ түрүндө тапшыра алышат. Толук маалыматты 116 номеринен же sti.gov.kg сайты аркылуу алса болот

Баткен шаарына көп кабаттуу үйлөр курулат

Баткен шаарына көп кабаттуу үйлөр курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, калаанын Султанмурат миңбашы көчөсүндө 9 кабаттуу 2 үй тургузулат. Андан тышкары, Чет-Булак кварталына дагы түркиялык жеке ишкер тарабынан 9 кабаттуу 50 үй, бала бакча, эс алуу багы менен шаарча пайда болот. Бул турак жайларды жарандар ипотекалык… Кененирээк…

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттоо жолунда

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттоо жолунда. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, күн сайын көзөмөлгө алынган 13 товардын баасы бир айда өскөнү байкалды. Алсак, барынан көп сүт кымбаттады. Учурда эң жогорку баа Жалал-Абадда – литри 65 сом болсо, эң минималдуу баа Ноокатта – литри 35 сомдон сатылууда. Анын ортосунда… Кененирээк…

Бишкекке жеке фирмалар убадалаган автобустардын барын алып келген жок

Бишкекке жеке фирмалар убадалаган автобустардын барын алып келген жок. 24 агенттигине шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев билдиргендей, Өзбекстанда өндүрүлгөн 350 автобустар келмек, бирок анын 210у келди. Калган 140ы жеткирилген жок. Эми түркияда өндүрүлгөн ири автобустардын биринчи партиясы февралдын ортосунда келиши күтүлүүдө. Анын ортосунда тендердик… Кененирээк…

Бишкекте жакынкы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт

Бишкекте жакынкы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргидрометтен билдиришкендей, бул жумадада күндүз абанын температурасы + көрсөткүчүндө сакталат, түнкүсүн термометр мамычалары минимум -3 градуска түшөт. 14-январь, жумадан тартып Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ал эми Бишкекте чыныгы кыштын аба-ырайы кийинки дүйшөмдүдө сезилет.

ФИФА “2021-жылдын Мыкты оюнчусу” номинациясына 3 талапкерди жарыялады

ФИФА “2021-жылдын Мыкты оюнчусу” номинациясына 3 талапкерди жарыялады. Акыркы тизмеге мюнхендик “Бавариянын” форварды Роберт Левандовски, “ПСЖнын” чабуулчусу Лионель Месси жана “Ливерпулдун” форварды Мохаммед Салах кирди. Номинациянын жеңүүчүсү сыйлыкты тапшыруу аземинде —  17-январда белгилүү болот.

АКШ Кыргызстанга «Pfizer» вакцинасынын 150 миң дозасын берет

АКШ Кыргызстанга «Pfizer» вакцинасынын 150 миң дозасын берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Нолен Жонсон билдирди. Анын айтымында, вакцина ушул айда келип түшөт. Эске салсак, АКШ буга чейин дагы декабрда Кыргызстанга «Pfizer» вакцинасынын 49 миң дозасын тапшырган.

Кыргызстанда жакынкы аралыкта коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилбейт

Кыргызстанда жакынкы аралыкта коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилбейт. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр бейшеналиев билдиргендей, эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Акыркы суткада коронавирустун 350гө жакын жаңы учуру катталды, бирок анын 80 пайызы жеңил формада өтүп жатат. Анын ортосунда бардык билим берүү мекемелеринде, соода аянттарында санитардык талаптардын сакталышын текшерүү күчөтүлөт.… Кененирээк…

Алихан Смаилов Казакстандын жаңы премьер-министри болду

Алихан Смаилов Казакстандын жаңы премьер-министри болду. Бул тууралуу Мажилистин жыйынында маалым болду, — деп кабарлайт «Казинформ» агенттиги. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер-министрлик кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин сунуштаган. Анын талапкерлиги Мажилисте каралып,89 адам колдоп берген. Смаилов Алихан Асханович 1972-жылы Алматыда төрөлгөн.

Ош шаарында үч эм төрөлдү

Ош шаарында үч эм төрөлдү. Ымыркайларды 22 жаштагы эне операция жолу менен шаардык перинаталдык борбордо жарыкка алып келди. Жайнагүл Умарова Кара-Суу районунун Папан айлынын тургуну. Ымыркайлар жубайлардын экинчи балдары. Эгиздер 2 эркек жана 1 кыз. Алардын ар биринин салмагы 2 килограммдан ашат. Учурда эне жана… Кененирээк…