Ордо калаанын коомдук унааларында беткап тагынуу режимин сактоо боюнча рейд күчөтүлдү

Ордо калаанын коомдук унааларында беткап тагынуу режимин сактоо боюнча рейд күчөтүлдү. Автобус жана троллейбустарда текшерүүлөрдү шаардык троллейбус башкармалыгы жүргүздү. Белгилеп кетсек, эрежени бузгандар көбөйдү, алар менен санитардык нормаларды сактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Андан тышкары, эпидемиологиялык талаптарга баш ийбеген айдоочуларга протоколдор түзүлдү

Кыргызстанда 30 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт

Кыргызстанда 30 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, иштер Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында аткарылат. Ведомстводон белгилешкендей, 14 авариялык абалдагы мектеп түрттүрүлүп, жаңыдан салынат. Калган мекемелерди бардык талаптарга жооп бере тургандай капиталдык ремонттон өткөрүү пландалууда. Учурда калыбына келтирүү боюнча долбоордун документтерин даярдоо иштери… Кененирээк…

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи кайрадан алып баруучу менен өтөт

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи кайрадан алып баруучу менен өтөт. Бирок, иш-чараны алып баруучулукка талапкердин ысымы азырынча айтылган жок. Сыйлыкты 94-ирет тапшыруу аземи Лос-Анджелесте 27-мартта өтөт. Ал эми номинанттар 8-февралда жарыяланат. Эске салсак, “Оскарды” тапшыруу акыркы ирет алып баруучу менен 2018-жылы өткөн. Акыркы убактарда ар кандай… Кененирээк…

Эртең, 13-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алат

Эртең, 13-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен билдиришти. Өлкө биринчилигине 10 килограмм салмак категориясында балбандар күч сынашат. Мелдеш 13-14-январда спорт сарайында өтөт. Өлкө чемпионатын өткөрүү максаты — Кыргызстандын курама командасынын Азия чемпионатына жана башка… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин төрагасынын үч орун басарын шайлады

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин төрагасынын үч орун басарын шайлады. Добуш берүү жашыруун түрдө өтүп, Жамиля Исаева жана Нурбек Сыдыгалиев бирдей 74төн добуш алды, Улан Примов 59 добушка ээ болуп спикердин орун басарлары болду. Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин түзүмү түзүлгөн. Ага ылайык, 8 комитет… Кененирээк…

Бишкек эпидемиологиялык кырдаал боюнча “кызыл зонада”

Бишкек эпидемиологиялык кырдаал боюнча “кызыл зонада”. Республикалык штабдан түшүндүрүшкөндөй, калк арасында эмдөөнү күчөтүү, коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында коргонуу чараларын күчөтүү жана чектөө чараларын киргизүү жана сактоо зарыл. Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бүгүн, 12-январда, өлкөдө алгачкы ирет… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-январдан тартып жөлөк пулдар 100 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда 1-январдан тартып жөлөк пулдар 100 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана адамдарга берилүүчү жөлөк пул  өткөн жылдын 1-октябрынан тартып 4 миң сомдон 6 миң сомго көтөрүлгөн. Эми анын өлчөмү 8 миң сомду түзөт. Андан… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде аудио билдирүүлөрдү угуу мурдагыдан дагы ыңгайлуу болуп калды

WhatsApp мессенджеринде аудио билдирүүлөрдү угуу мурдагыдан дагы ыңгайлуу болуп калды. Эми аларды жазышууга кирбей эле укса болот. Фондук угуулар башка чаттарга дагы кирип чыгууга мүмкүндүк берет. Бирок азырынча жаңычылдык WhatsApp Androidдин бета-версиясында жеткиликтүү. Жакынкы аралыкты iOS жана Android смартфондорун колдонуучулардын барына жеткиликтүү болот.

Бишкекте бир көчө кесилишке кайрылууга кайрадан өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкекте бир көчө кесилишке кайрылууга кайрадан өзгөртүүлөр киргизилди. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу Горький көчөсү менен чыгышка багыт алып келе жатса, Абдырахманов көчөсүнөн солго бурулууга тыюу салынды. Мындай норма бүгүнөн тартып күчүнө кирди. Мындай чара унаа тыгындарын жана аварияларды алдын-алуу максатында көрүлүүдө. Кайгуул кызматтан белгилешкендей,… Кененирээк…

Күйүүчү майга болгон баа жакынкы аралыкта көтөрүлбөйт

Күйүүчү майга болгон баа жакынкы аралыкта көтөрүлбөйт. Бул тууралуу novosti.kgге мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, баалардын түшүшү же көтөрүлүшү азырынча күтүлбөйт. Ал эми февралда күйүүчү майдын баасы кандай болору, кийинки айдын башында гана билинет. Кошумчаласак, учурда Бишкекте 92-бензин орточо эсеп менен… Кененирээк…