Коронавирус учак же тик учак аркылуу чачылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коронавирус учак же тик учак аркылуу чачылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күндүн ультракызгылт нуру вирусту тез жана  эффективдүү жок кылат, бул COVID тышкы чөйрөдө туруктуу сакталбай турганын түшүндүрөт. Коронавирус абадагы тамчылар аркылуу жугат, алсак жөтөлгөндө,… Кененирээк…

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 16,5 пайызга өстү

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 16,5 пайызга өстү. Улуттук банктан билдиришкендей, 2021-жылдын 11 айында чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар мекенге 2 миллиард 517 миллион доллар которду. Ал эми 2020-жылы ушул эле мезгилге салыштырмалуу январь-ноябрь айларында өлкөгө аталган суммадан 357 миллион долларга аз которулган. Белгилеп кетчү нерсе,… Кененирээк…

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Бишкек гуманитардык университетинин тосмолору алынды

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Бишкек гуманитардык университетинин тосмолору алынды. Бул тууралуу мэрия билдирди. Металл тосмолор окуу жайдын бардык жагынан алып салынган. «Мындай иштер «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын кайрылуусунун негизинде аткарылды. Ошондой эле шаардын эстетикалык көрүнүшү боюнча стратегиялык бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максаты көздөлдү.… Кененирээк…

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ымыркайларды 30 жаштагы эне ордо калаадагы адамдын репродукциясы илимий борборунда операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келди. Бирөө эркек бала салмагы 2 килограмм 150 грамм, эки кыздыкы 2 килограмм 250 грамм жана 1 килограмм 850 грамм. 3… Кененирээк…

Алматы – Бишкек – Алматы аба каттамы жанданды

Алматы – Бишкек – Алматы аба каттамы жанданды. Novosti.kgге “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, аба жолдору жумасына 7 ирет, күн сайын аткарылат. Эске салсак, ордо калаадан Алматыга аба каттамдар белгилүү себептерден улам январдын башынан бери жүргүзүлө элек болчу. Ал эми Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан… Кененирээк…

Кыргызстанда кой эти 11 сомго кымбаттады

Кыргызстанда кой эти 11 сомго кымбаттады. Монополдукка каршы күрөшүү боюнча жөнгө салуу агенттигинен билдиришкендей, учурда кой этинин килограммы 465 сомдон сатылууда, муну менен ал бир жумада 2,5 пайызга кымбаттады. Андан тышкары, уй, тоок эттери дагы бир аз кымбаттаганы байкалды. Ал эми бир жылда кой этинин… Кененирээк…

Кыргызстан паспорту 2021-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө 80-орунда жайгашты

Кыргызстан паспорту 2021-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө 80-орунда жайгашты. Биздин өлкөнүн жарандары 63 мамлекетти визасы жок эле кыдыра алат. Ал эми рейтингдин сап башында мурдагыдай эле Сингапур жана Япония турат, аталган өлкөнүн жарандары 192 мамлекетке визасыз кирип чыкса болот. Ал эми Казакстандын жарандары 75 өлкөгө виза… Кененирээк…

Билим берүү уюмдарында бир адамдан COVID табылса класс жабылат

Билим берүү уюмдарында бир адамдан COVID табылса класс жабылат, эки же андан ашык учур катталса окуу жай толук турдө 14 күнгө карантинге алынат. Бул тууралуу мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди. Анын айтымында, окуу процесси бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүрүшү керек.… Кененирээк…

Кыргызстандын балбандарына жана машыктыруучуларына Бишкектен 10 батир белекке берилди

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын балбандарына жана машыктыруучуларына Бишкектен 10 батир белекке берилди. Алар кечээ, 13-январда Кыргызстандын мырзалар арасындагы эркин күрөш боюнча чемпионатынын ачылышында салтанаттуу тапшырылды. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Ослодо өткөн дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынан бир бөлмөлүү 2 батир алды. Ослодо… Кененирээк…

Балдардын Baby Shark же «Кичинекей акула» аталышындагы ыры YouTube каналында тарыхта алгачкы ирет 10 миллиард ирет көрүлгөн клип болду

Балдардын Baby Shark же «Кичинекей акула» аталышындагы ыры YouTube каналында тарыхта алгачкы ирет 10 миллиард ирет көрүлгөн клип болду. Чыгарманын англис тилиндеги версиясы популярдуу болуп, рекорд жаратууда. Роликке 32 миллион лайк коюлган. Бул балдар контенти болгондуктан комментарий калтырчу жери өчүрүлгөн. Клип 2020-жылдын ноябрь айында 7… Кененирээк…