Казакстанда кармалгандардын саны 12 миңге жакындады

Алматы шаарында соңку суткада өткөн аптадагы нааразылык акцияларына катышкан 2159 адам кармалды. Бул тууралуу шаардын комендатурасы кабарлады. Ага чейин 10 миңдей адам кармалганы кабарланган. Натыйжада акцияга катышкандан кийин кармалгандардын жалпы саны 12 миңге чамалады. Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен… Кененирээк…

Өзбекстанда коронавируска каршы эмделген жарандардын арасында унаа ойнотулат

Өзбекстанда коронавируска каршы эмделген жарандардын арасында унаа ойнотулат. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен, сынакка январь, февраль жана март айларында эмдөө сертификатын алган өлкөнүн жарандары катыша алат. Бирок кайсы моделдеги унаа ойнотула турганы азырынча тактала элек. Эске салсак, буга чейин Өзбекстандагы мекемелерде эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер… Кененирээк…

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда объекттин биринчи кабаты көтөрүлүүдө. Анын менен бирге тышкы инженердик тармактары өткөрүлдү. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси 180 орунга ылайык. Аны быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштери шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Кыргызстанда унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берилди

Кыргызстанда унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берилди. Мындай демилгени Экономика министрлиги көтөргөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Ага ылайык, ведомство айдоочуларга белгилүү бир суммага унаалардын алдыңкы эшиктеринин капталындагы айнектерди тонировкалоого уруксат берет. Мыйзам күчүнө киргенден кийин тонировкага укук берүү үчүн тарифтерди Министрлер кабинети кабыл алат