Балыкчы-Барскоон жолун оңдоого 250 миллион сом бөлүндү
Балыкчы-Барскоон жолун оңдоого 250 миллион сом бөлүндү. Министрлер кабинетинин билдиришкендей, каражат Жол чарба департаментине которулат. Реконструкциялоонун алкагында жолдун жээгин кеңейтүү, асфальт-бетондук катмарын төшөө жана жасалма конструкцияларды куруу иштери жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Балыкчы-Барскоон жолунда капиталдык оңдоо иштери 50 жылдан бери жүргүзүлбөй келген.