Бишкекте COVID-19 жана пневмониянын көбөйүшүнө байланыштуу чектөөлөр азырынча киргизилбейт

Бишкекте COVID-19 жана пневмониянын көбөйүшүнө байланыштуу чектөөлөр азырынча киргизилбейт. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.   Ал белгилегендей, эпидемиялык абал курч, бирок туруктуу бойдон калууда. Чектөөлөрдү киргизүү каралган жок, бирок жарандар санитардык нормаларды сактап жүрүшү кажет.   Эске салсак, бүгүн Бишкекте 13 мамлекеттик… Кененирээк…

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоого азыркы депутаттар дагы катышса болот

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоого азыркы депутаттар дагы катышса болот. 24.kg агенттигине БШКдан билдиришкендей, мыйзамда эч кандай чектөө жок.   Бирок мандат үчүн партиялык тизменин негизинде өткөн эл өкүлү гана ат салыша алат.   Белгилеп кетсек, буга чейин 7-чакырылыштагы депутаттардын бири Биринчи Май… Кененирээк…

Нарын облусунун Кочкор айыл өкмөтүнө шаар макамын берүү сунушталды

Нарын облусунун Кочкор айыл өкмөтүнө шаар макамын берүү сунушталды. Айыл өкмөттөн кабарлашкандай, бул боюнча учурда бардык документтер даярдалып жатат.   Облустук маанидеги шаар болуш үчүн 20 миң калк болуш керек деген талап бар. Азыр Кочкор айыл өкмөтүндө 18 миң 700 тургун жашайт.   Мындан башка… Кененирээк…

Пандемияда планетадагы эң бай адамдардын кирешеси эки эсеге көбөйдү

Пандемияда планетадагы эң бай адамдардын кирешеси эки эсеге көбөйгөн.   2020-жылдын март айынан бери дүйнөнүн эң кирешелүү 10 адамынын жалпы байлыгы 700 миллиард доллардан 1,5 триллион долларга жетти.   Forbes журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң бай адамдарына кирген Илон Маск, Жефф Безос, Бернард Арно, Билл… Кененирээк…

Кыргызстан азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ алкагында алдыга чыкты

Өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында азык-түлүккө болгон баанын эң жогорку көрсөткүчү Кыргызстанда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 2021-жылдын декабрь айында Евразия экономикалык биримдигинин бардык мамлекеттеринде керектөө баалары жана тарифтер жогорулаган. Бир жылда керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (11,2 пайыз) Кыргызстанда байкалган. Өлкөдө… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 37 миллион метр кубга азайды

18-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 559 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.   «18-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 559 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши… Кененирээк…

Парламент комитети санарип өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети санарип өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Алгач сунушталган талапкер тууралуу маалымат менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстанда жашоо минимуму 17 пайызга өстү

Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгы менен жашоо минимумунун өлчөмү 6 миң 268 сомду түздү.   Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, көрсөткүч 2020-жылга салыштырганда 17 пайызга өстү.   Орточо эсеп менен алганда өлкөдө жашоо минимуму 910 сомго жогорулады. Жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда, Бишкек жана Ош шаарында эң көп көрсөткүчкө… Кененирээк…

Каржы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 350 миллион сом тартууну көздөп жатат

Каржы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 350 миллион сом тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аукциондор 20-21-январда өтөт. Кошумчалай кетсек, 13-январда Улуттук банк дээрлик 52 миллион сомго 8,45 пайыз менен казына векселдерин жайгаштырган.

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык мелдешке катышат. Биздин спортчулар Тажикстандын борбору Душамбе шаарына жөнөп кетишти.   Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, футзалчы кыздар CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешинде күч сынашат. Беттеш                    19-29-январда өтөт.