Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн жана эртең Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда кар жаап, муз тоңот.   Андыктан, айдоочуларга этият болуп, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Мамлекеттик жана жеке ишканаларга жыйындарды онлайн форматта өткөрүү сунушталды

Мамлекеттик санэпидем көзөмөл борбору мамлекеттик жана жеке ишканаларга жыйындар менен жолугушууларды онлайн форматта өткөрүүнү сунуштады.   Ведомствонун башкы дарыгеринин орун басары Айгүл Рыскулбекованын айтымында, мунун себеби эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу.   Шаар бийлиги ошондой эле жарандарды бардык санитардык нормаларды сактап, массалык иш-чараларга баруудан баш… Кененирээк…

Эки округда кайра шайлоо үчүн бюллетендердин формасы жана тексти 10-февралда бекитилет

Эки округда кайра шайлоо үчүн бюллетендердин формасы жана тексти 10-февралда бекитилет.   БШКдан билдиришкендей, документтер 22-февралга карата даярдалышы керек.   Бул мөөнөткө чейин жарышка катышуудан баш тарткан талапкерлерге 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.   Эске салсак, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов… Кененирээк…

Чүй облусунда 9 миңден ашык адам көчмө комплексте акысыз медициналык кызмат алышты

Чүй облусунда 9 миңден ашык адам көчмө комплексте акысыз медициналык кызмат алышты.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ноябрь айынан бери адистер Кемин жана облустун башка райондорунун тургундарын кабыл алууда.   Мобилдик клиниканын курамында дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ лабораториясы, ренгтген аппараты, операциялык блок жана башкаруу борбору… Кененирээк…

Бишкектин калктуу конуштарындагы жер тилкелерге техникалык паспорт берүү уланууда

Бишкектин калктуу конуштарындагы жер тилкелерге техникалык паспорт берүү уланууда.   Мэрия маалыматына ылайык, буга чейин 800дөн ашык документ берилген.   Арыздар “Жер-Ынтымагы”, “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамик” жана башка жаңы конуштардын жашоочуларынан түшүүдө.

Кыргызстанда эми ПЦР-тест алуу токтотулат

Коронавирус боюнча жакында алгоритмдер өзгөртүлүп, ПЦР-тест алуу токтотулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламентте билдирди.   Анын айтымында, бейтап сасык тумоолоп, жөтөлүп же дене табы көтөрүлсө, ПРЦ-тест жасоонун кажети жок, аны автоматтык түрдө коронавирус жуктурду деп эсептесе болот.   Чиновник кошумчалагандай,… Кененирээк…

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун кезектеги партиясы келди

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун кезектеги партиясы келди.   “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда 10 вагон жеткирилди.   Ал эми февраль айында дагы 30 техниканын келиши күтүлүүдө.   Жалпысынан мамлекеттик ишкана 420 миллион сомго 100 вагон сатып алат.

Баткен шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда

Баткен шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда Орозбеков көчөсүндө кызыл сызыктан чыгарылган тосмолор алынды.   Бошотулган көчөлөрдө жөө адамдар басуучу жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштери аткарылат.   Ошондой эле ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат.

Дача СУ айылынын тургундарын башка аймакка көчүрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү

Бишкектин четиндеги Дача СУ айылынын тургундарын башка аймакка көчүрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу конуштун жашоочулары менен жергиликтүү чиновниктердин жолугушуусунда белгилүү болду.   Эл коопсуздук маселелеринен улам аларды башка жакка көчүрүү, жер бөлүп берүү маселесин буга чейин да айтып чыккан.   Анткен менен бийлик бул… Кененирээк…

Бишкек-Тегеран түз аба каттамын ачуу сунушталды

Бишкек-Тегеран түз аба каттамын ачуу сунушталды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Тегеранда жергиликтүү авикомпаниянын өкүлдөрү менен жолукту.   Анда жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу иштер талкууланып, эки өлкө ортосундагы аба каттамдарды көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.   Өз кезегинде Иран тарап Бишкекте кеңсе ачуу ниетин… Кененирээк…