Кыргызстанда жаңы мамлекеттик мекеме түзүлөт

Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция түзүлөт.   Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Дирекция өлкө аймагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу менен да алектенет.   Мындан тышкары, мекеме объектилерди курууда энергия үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүү… Кененирээк…

Айыл өкмөттөр 1-апрелге чейин электрондук документ жүгүртүүгө өтүшү керек

Айыл өкмөттөр 1-апрелге чейин электрондук документ жүгүртүүгө өтүшү керек. Өкмөттөн белгилешкендей, кагаздардан баш тартуу учурдун талабы болууда.   Маалым болгондой, жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча аймактардын бардык мамлекеттик органдары электрондук документ жүгүртүү тутумдарын билүү жана калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү боюнча аттестациядан өтүшөт.

Кыргызстанда Европа мамлекеттеринде уурдалган 18 унаа аныкталды

Кыргызстанда Европа мамлекеттеринде уурдалган 18 унаа аныкталды. Ички иштер министрлиги билдиргендей, унаалар Интерпол аркылуу издөөгө алынган.   Милиция кызматкерлери унааларды Бишкектеги автосалондордун биринен таап, убактылуу кармоочу жайга жөнөтүштү.   Азыр бул унааларды уурдап кеткен адамдар, ошондой эле издөөдө болушу мүмкүн болгон башка унаалардын жүргөн жери… Кененирээк…

Бишкектин 13 кесилишине жер алдындагы өтмөктөр курулат

Бишкектин 13 кесилишине жер алдындагы өтмөктөр курулат. Бул боюнча сунушту шаардык милициянын Кайгуул кызматы мэрияга берди.   Маалыматка ылайык, жер астындагы өтмөктөр Чүй проспектиси жана Шопоков көчөсү; Горький жана Байтик Баатыр, Жибек Жолу —  Курманжан Датка,  Будённый — Жибек Жолу Сүйөркулов — Юнусалиев жана  Чүй… Кененирээк…

Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иши эми онлайн режиминде көзөмөлдөнөт

Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иши эми онлайн режиминде көзөмөлдөнөт.   Ички иштер министрлигинде милициянын көчмө пункттарынын ишмердүүлүгүнө көз салууга, ошондой эле участкалык кызматкерлердин камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берген мониторинг бөлмөсү ачылды.   Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бодикамералар эки метр бийиктиктен кулап же… Кененирээк…

Кыргызстандагы бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу диплому жана жарандыгы текшерилет

Кыргызстандагы бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу диплому жана жарандыгы текшерилет. Тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров УКМКга берди.   Маалым болгондой, бул жараян 24-январда башталып үч айга созулат жана мамлекеттик мекеме-министрлик, органдарда иштегендерден сырткары Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы тиешелүү болот.   Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун белгилери бар адамдарды үйдөн чыкпоого чакырат

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун белгилери бар адамдарды үйдөн чыкпоого чакырат.   Дене табы жогорулап, кургак жөтөл, тамактын оорушу же ачышуусу, алсыроо, тердөө, муундардын сыздашы, булчуңдардагы оорушу байкалган жарандарга үйдө болуу, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонуу сунушталат.   Дарыгерлер кошумчалагандай, бейтап мындай учурда суу, чай, компот өңдүү… Кененирээк…

Былтыр Бишкекте жөө адамдар катышкан 1 миң 300дөн ашык жол кырсыгы катталган

Былтыр Бишкекте жөө адамдар катышкан 1 миң 346 жол кырсыгы катталган.   Шаардык милициянын Кайгуул кызматынан билдиришкендей, ордо калаада жол кырсыктардын көпчүлүгү жөө адамдардын катышуусунда болот.   Белгилеп кетсек, аварияларды алдын алуу үчүн Кайгуул кызматы жума сайын шаарда «жөө киши» рейдин жүргүзүп келет.

Быйыл өлкөнүн бардык аймактарында сугат мезгили эрте башталат

Быйыл өлкөнүн бардык аймактарында сугат мезгили эрте башталат. Бул тууралуу айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Учурда адистер сууну берүүчү булактарды жана каналдарды аныктоо иштери менен алек. Эгер жаан-чачын азыркыдай эле аз болсо, алгач каналдардын түбүнө сууну сиңдирүүгө туура келет. Андан тышкары, учурда талааларда кар дээрлик… Кененирээк…

Салык кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Салык кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Буга жаңы Салык кодексинин кабыл алынганы себеп. Ага ылайык, ведомствонун «Бирдиктүү терезе» жана «Ишкерлерди тейлөө борбору» иш күндөрү түнкү саат 11ге чейин, дем алыштарда 9дан кечки 6га чейин ачык болот. Белгилеп кетсек, салык төлөөчүлөр 28-январга чейин катталган жеринде жаңы… Кененирээк…