Армениянын президенти Армен Саркисян отставкасын жарыялады

Армениянын президенти Армен Саркисян отставкасын жарыялады. Анын айтымында, мындай кадамга барууга кризис учурунда саясатка таасир этүү үчүн ага берилген ыйгарым-укуктар жетишсиз болду. Саркисян мурда премьер-министр, ага чейин Британиядагы элчи болгон. Жогорку кызматка 2018-жылы мартта 7 жылга шайланган. Анын ордун ким басары азырынча белгисиз.

Жалал-Абад шаарында 2 мектеп калыбына келтирилет

Жалал-Абад шаарында 2 мектеп калыбына келтирилет. Кеп, калаадагы №14-мектеп-лицейи жана №5-мектеп гимназиясы тууралуу болуп жатат. Иштер «Кыргызстандын туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында аткарылат. Объектилерде суу, электрэнергия жана канализация тармактары жаңыланып, өткөрүлөт. Курулуш иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат

Архитекторлор “Ала-Тоо” аянтын жаңылоону пландап жатат

Архитекторлор “Ала-Тоо” аянтын жаңылоону пландап жатат. “Бишкек башкы архитектурада” тиешелүү эскиз иштелип чыкты. Алсак, идеянын авторлору жашыл аймактарды көбөйтүп, унаа токтотмолорду алып, аянттарды жаңы функциялар менен толтуруп, ыңгайлуу аймакты түзүү ниетинде. Мекемеден белгилешкендей, аталган долбоор министрлер кабинетинде ийгиликтүү тартууланды. Анын ортосунда, иштер масштабдуу түрдө качан… Кененирээк…

Бириккен улуттар уюму Кыргызстанга 29 миллион доллар бөлөт

Бириккен улуттар уюму Кыргызстанга 29 миллион доллар бөлөт. Каражат айыл-чарба министрлигине берилет. Бул тууралуу айыл-чарба министринин орун басары Нурлан Шерипбаев билдирди. Анын айтымында, грант түрүндөгү акча айыл-чарба тармагына 7 жылга берилет. Алсак, каражаттын берилиши менен 6 миң гектар токой аянттары пайда болуп 650 миң гектар… Кененирээк…

Ош шаарында башаламан унаа токтотуу аянтынын ордуна гүл отургузулат

Ош шаарында башаламан унаа токтотуу аянтынын ордуна гүл отургузулат. Кеп, Бекмамат Осмонов көчөсү тууралуу болуп жатат. Учурда анда көрктөндүрүү иштери башталып, жолдун оң тарабына 12 гүл клумбасы орнотулду, — дешти түштүк калаа мэриясынан. Жалпысынан 16 клумба коюлат. Ошондой эле алардын ортосунда гүл аянтчасы болот. Ал… Кененирээк…

Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан Максим Гордеев катышат

Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан Максим Гордеев катышат. Улуттук олимпиада комитетинен билдиришкендей, Гордеев лыжа тебүү боюнча Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери. Олимпиадага өлкөнүн спорттук делегациясынын курамында Гордеевтен тышкары, анын машыктыруучусу, миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери болот. Белгилеп кетсек, учурда биздин өлкөдө кышкы олимпиада оюндарына… Кененирээк…

“Тазалык” муниципалдык ишканасына 3 көчө шыпыргыч унаа берилди

“Тазалык” муниципалдык ишканасына 3 көчө шыпыргыч унаа берилди. Техникаларды сатып алууга өлкөдөгү банктардын бири демөөрчү болду. Унаалар кадимки кызматкерге караганда 10 эсе тез иштейт. Андан улам, калаа бийлиги алгач техникаларды сыноодон өткөрүп, андан кийин массалык түрдө сатып алууну пландап жатат.

Бишкекте эки коомдук унаанын каттамы өзгөртүлдү

Бишкекте эки коомдук унаанын каттамы өзгөртүлдү. Мэриянын маалыматына караганда, №166-маршруттук такси мындан ары мурдагыдай Чүй проспекти менен түз кетпей, Султан Ибраимов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чыгат. Ал эми Чүй проспектине кайрадан Тыныстанов аркылуу түшөт. Ошондой эле №12-автобустун линиясы дагы Беш-Күнгөй айылына чейин узартылды.

Мамлекеттик салык кызматы жүк ташуучу унаалардагы навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча жумушчу долбоорду узартты

Мамлекеттик салык кызматы жүк ташуучу унаалардагы навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча жумушчу долбоорду узартты. Ведомстводон билдиришкендей, товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга импорттоо үчүн пломба керек. Түзүм товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоого жана көздөгөн жерге жеткирилишин көзөмөлдөөнү камсыз кылууга шарт түзөт. Долбоор 15-февралга чейин күчүндө болот.

“Кыргыз темир жолу” Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу ниетинде

“Кыргыз темир жолу” Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу ниетинде. Пландар менен мамлекеттик ишкананын директорунун орун басары Дастан Усубакунов бөлүштү. Анын айтымында, жолдун узундугу 63 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруунун баасы дээрлик 100 миллион доллар. Усубакунов белгилегендей, темир жолду жеке каражат менен салуу… Кененирээк…