«Ош-Тазалык» ишканасынын гаражы жаңы техникалар менен толукталды

«Ош-Тазалык» ишканасынын гаражы жаңы техникалар менен толукталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ишканага 12 кар тазалоочу техника тапшырылды. Унаалар чет элдик донорлор тарабынан каржыланган долбоордун алкагында сатып алынды. Муну менен бирге кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, ашкана, унаа жуучу жана оңдоочу жайлары дагы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жаңы техникалар… Кененирээк…

Ош облусунун Араван районунда Калкты тейлөө борбору ачылды

Ош облусунун Араван районунда Калкты тейлөө борбору ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мекемеде паспорт берүү, жарандык абалдын актыларын каттоо жана документ алууга керектүү кызматтар бар. Жаңы борбор күнүнө 500 жаранды кабыл ала алат. Кошумчаласак, Араван районунда 110 миңден ашык калк бар. Буга чейин паспорттоштуруу жана… Кененирээк…

Электр энергиянын авариялык өчүшүнөн улам транспорттук тармак үзгүлтүккө учураган жок

Электр энергиянын авариялык өчүшүнөн улам транспорттук тармак үзгүлтүккө учураган жок. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учактарды кабыл алуу жана жөнөтүү, туннелдерде жүк ташуучу чоң унааларды жана жеңил машинелерди өткөрүү кадимки режимде жүрүп жатты. Ведомстводон белгилешкендей, көзөмөл өткөрүү түйүндөрү, пункттарда жана аэропорттордогу салмак өлчөөчү көзөмөлдөө… Кененирээк…

Жылуулук түнгө чейин толук калыбына келтирилет

Жылуулук түнгө чейин толук калыбына келтирилет. Бул тууралуу энергетика министрлигинен билдиришти. “Түндүк электрден” такташкандай, учурда бардык тармактын ишин калыбына келтирүү процесси жүрүп жатат. Жарык кыргызстандыктарга этабы менен берилип, дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө жеткиликтүү болуп калды. Эске салсак, бүгүн түштөн тартып кечке чейин өлкөнүн бир катар аймагында… Кененирээк…

Быйыл Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо пландалууда

Быйыл Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, курулушка инфраструктураны даярдоо үчүн 18 миллион 800 миң доллар талап кылынат. Жалпысынан биринчи генераторду ишке киргизүү үчүн 486 миллион доллар сарпталат. Долбоорду ишке ашырууга 3 жыл керектелет. Курулуш иштерине… Кененирээк…

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломдорун текшерип баштады

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломдорун текшерип баштады. Ведомстводон белгилешкендей,  жогорку билими тууралуу жалган документтерди даярдагандар жана аларды колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Анын ортосунда жасалма дипломдун ээлери улуттук коопсуздук органдарына өз эрки менен кайрылса кылмыш тергөөлөрүнөн бошотулуп, жарандын купуялуулугу сакталат.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча документтер Кытайга кароого жөнөтүлдү

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча документтер Кытайга кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башчысынын орун басары Дастан Усубакунов билдирди. Анын айтымында, аталган долбоор боюнча чечим февралда кабыл алынат деп күтүлүүдө. Буга чейин айтылгандай, Кытай — Кыргызстан —… Кененирээк…

Бишкекте лифтте камалып калган 45 жаран куткарылды

Бишкекте лифтте камалып калган 45 жаран куткарылды. Мэриядан билдиришкендей, куткарылган жарандарга медициналык жардам керектелген жок. Анын ортосунда “Шаардык лифт” ишканасынын карамагында Бишкектеги бардык лифт болбогондуктан лифттерде канча адам камалып калганы тууралуу так маалымат жок.

Кыргызстан 2021-жылы коррупцияны кабыл алуу индексинде позициясын начарлатты

Кыргызстан 2021-жылы коррупцияны кабыл алуу индексинде позициясын начарлатты. Эл аралык ачыктык уюмунун рейтинги боюнча, биздин өлкө 27 баллга ээ болду. Муну менен 183 өлкөнүн ичинен 148-орунду ээледи. Биз менен бир катарда Уганда жана Камерун жайгашат. Салыштырмалуу айта турган болсок, коңшу өлкөлөр Казакстан – 37 балл,… Кененирээк…

Бийлик эмгек кодексине «Аралыктан иштөө» жаңы түшүнүгүн киргизүү ниетинде

Бийлик эмгек кодексине «Аралыктан иштөө» жаңы түшүнүгүн киргизүү ниетинде. Министрлер кабинетинин токтом долбоорун эмгек министрлиги коомдук талкууга алып чыкты. Ведомстводон белгилешкендей, санариптик технологияларды өнүктүрүү жана COVID-19 пандемиясы иш менен камсыз кылуунун жаңы түрлөрүн, алсак, аралыктан иштөөнүн пайда болушуна алып келет. Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен… Кененирээк…