Бишкекте балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Бишкекте балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаментинен билдиришкендей, турнир уландар арасында 50дөн 90 килограммга чейинкилер, кыздар арасында 44төн 70 килограммга чейинкилер арасында 16 салмак категориясында уюштурулат. Мелдеш 29-30-январда спорт ордосунда өтөт.