Ошто жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ошто жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Дача кичирайонунда жайгашат. Бакча эки кабаттуу жана ал 75 бөбөккө чакталды. Курулуш иштери 5 айга созулуп, мекемеде балдарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлдү.

Кыргыз-кытай чек арасы маалы менен жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы маалы менен жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл өткөрүү түйүндөрү 29-февралдан тартып 6-февралга чейин иштебейт. Бирок 31-январда жана 4-февралда пункт ачык болот. Түйүндүн иши 7-февралдан тартып кадимки тартипте жанданат. Маалы менен жабылуу Кытайта “Жаз” майрамын майрамдоого байланыштуу.

Бишкектеги 6 мектепке кошумча корпус курулат

Бишкектеги 6 мектепке кошумча корпус курулат. Кеп, №6, 40, 20, 75, 73 жана 88 билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат. Андан тышкары, №76 жана 10-мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп, №35-мектепке спорт зал салуу пландалууда, — деп билдиришти капиталдык курулуш башкармалыгынан. Эске салсак, буга чейин ордо калаага… Кененирээк…

Кыргызстандагы ишканалардын жумушчуларга карызы 327 миллион сомдон ашты

Кыргызстандагы ишканалардын жумушчуларга карызы 327 миллион сомдон ашты. Бул көрсөткүч 2021-жылдын 1-декабрына карата. Сумма өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайызга өстү, — деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен. Эмгек акы боюнча жалпы карыздын басымдуу бөлүгү же 42 пайызы Чүй облусунун ишканаларына жана уюмдарына туура… Кененирээк…

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык түзүлдү

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык түзүлдү. Жаңы орган унаа жана жолдор министрлигинин базасында пайда болду. Анын жетекчиси Гүлсада Ибраимова ведомствонун милдеттери боюнча айтып берди. Башкармалыктын негизги милдети — ЕАЭБ талап кылган техникалык регламенттердин бузулушун алдын алуу жана токтотуу. Ошондой эле органдын функциялары – курулуп жана оңдолуп… Кененирээк…

Кыргызстанда жолдорду куруу жана оңдоонун кепилдик мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда жолдорду куруу жана оңдоонун кепилдик мөөнөтү узартылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, буга чейин мөөнөт 1 жыл болсо, мындан ары 3 жыл болот. тагырагы, 3 жыл аралыгында трассаларды курган же оңдогон компания иштердеги мүчүлүштүктөрдлү өз эсебинен жоет. Ведомстводон белгилешкендей, мындай чара куруучу компанияларды өз… Кененирээк…

Кыргызстандын балбан кыздары эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандын балбан кыздары эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Биздин спортчулар эркин күрөш боюнча мелдешке 4 килограмм салмак категориясында күч сынайт. Турнир Красноярск шаарында бүгүн башталып, 30-январда аяктайт.

«Ак-Ордо» конушундагы жаңы бала бакчанын курулушу уланууда

«Ак-Ордо» конушундагы жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөр кесилишинде жайгашат. Объект эки кабаттуу жана 280 орунга чакталат. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Ага каражат шаардык бюджеттен берилди. Бакчаны кийинки жылы пайдалануга берүү пландалууда.

Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү системасы кайра киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү системасы кайра киргизилиши мүмкүн.  Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова билдиргендей, мындай норма ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы. Башкача айтаканда, өлкөдөгү бардык транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүшү керек. Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө техникалык… Кененирээк…

Эки округда кайра өтө турган шайлоого катышууну каалагандардын саны 60ка жетти

Эки округда кайра өтө турган шайлоого катышууну каалагандардын саны 60ка жетти. Бирок БШК алардын 18ин гана талапкер кылып каттады. Расмий катталгандардын тизмеси БШКнын сайтында жайгаштырылды. Анын ортосунда талапкерлерден арыздарды кабыл алуу бүгүн кечки саат 6да аяктайт. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөндөр документтеринин толук пакетин 30-январга чейин… Кененирээк…