Ат-Башыда акылдуу эсептегичтер орнотулууда

Ат-Башыда акылдуу эсептегичтер орнотулууда.   Райондук электр тармактар ишканасынан кабарлашкандай, коюлган 72 акылдуу эсептегичтин 40 даанасы 3 фаза, 32си 1 фазалуу. Мындан ары аймактагы тургундар электр энергиясына карызын төлөбөсө, энергетиктер анын үйүнө барып, мамынын башына чыкпастан эле жарыкты компьютерден өчүрүп коет.

Ноокендеги жугуштуу ооруларды аныктоочу лабороториянын курулушу  50 пайызга аяктады

Ноокендеги жугуштуу ооруларды аныктоочу лабороториянын курулушу  50 пайызга аяктады. Райондук оорулардын алдын алуу жана санэпидем көзөмөл борборунан билдиришкендей, ушул тапта медициналык мекеменин терезелери жана эшиктери орнотулуп жатат.   Заманбап лабораториянын курулушу былтыр башталып, Ислам өнүктүрүү банкы 15 миллион сом бөлүп берген.   Лаборатория ишке берилсе,… Кененирээк…

Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү. Мэриядан маалым болгондой, эми №17 автобус Жамгырчинов көчөсү аркылуу өтпөйт.   Өскөн-Ордо конушунун жашоочуларынын өтүнүчү менен 188-маршуттук каттам Салкын-Төр жаңы конушуна чейин 1 айга убактылуу узартылды.   Ал эми №185 кичиавтобус Алыкулов, Гагарин, Азия жана Ак-Дөөлөт көчөлөрүнө каттамай болду.… Кененирээк…

Кыргызстандагы медициналык мекемелерге мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек сатып жүргөн фармацевтикалык компания аныкталды

Кыргызстандагы медициналык мекемелерге мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек сатып жүргөн фармацевтикалык компания аныкталды.   Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиненен билдиришкендей, дарылардын арасында балдарга керектелчү медициналык каражаттар дагы болгон.   Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ишкана жабылды. Компаниянын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы эсептелип жатат.

Киев шаарында өзгөчө вакансия жарыяланды

Киев шаарында өзгөчө вакансия жарыяланды. Кызмматкер жетекчинин тамашаларына күлүшү керек болот.   Тактап айтканда, ал жумушчулардын чатында же кеңешмелерде дайыма жетекчинин тамашаларына күлүүгө даяр болушу керек.   Бул үчүн талапкерлерден резюме эмес, күлкүсүнүн жазуусу талап кылынат.   Жарыяда жазылгандай, компаниянын башчысы анын тамашаларын кызматкерлер түшүнбөгөнү… Кененирээк…

Кыргызстанда эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты

Кыргызстанда эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты. Бул тууралуу 24 агенттигине Эмгек министрлигинен билдиришти.   Документте көптөгөн пункттар каралды, анын ичинде жеке гигиена жана жумуш ордунан баштап, оргтехниканы колдонуу эрежелери дагы жазылган. Ал ушул жылы кабыл алынат деп күтүлүп жатат.   Программага баа берүү… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин 2 миңден ашык токтому күчүн жоготту деп табылды

Министрлер кабинетинин 2 миңден ашык токтому күчүн жоготту деп табылды.   Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, документтер актуалдуу эмес же максаттарына жеткен.   Ведомстводон белгилешкендей, токтомдордун анализи мыйзамдардын ири инвентаризациясынын алкагында жүрүп жатат.   Министрлер кабинетинин күчүн жоготкон токтомдорун аныктоо боюнча иштер дагы улантылат.

Аткезчилик менен алектенгендерге жаза кескин күчөтүлөт

Аткезчилик менен алектенгендерге жаза кескин күчөтүлөт. Тиешелүү мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги даярдады.   Анда Кылмыш-жаза кодесиндеги экономикалык аткезчиликке барган жаран, же уюшкан топ бажы төлөмдөрүн эки эсе төлөп берсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт деген жобо жоюлат.   Ошондой эле контрабанда үчүн колдонулган унаалар мамлекеттин карамагына өтөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда 2 миңден ашык бала былтыр мектепке барган эмес

Кыргызстанда 2 миңден ашык бала былтыр мектепке барган эмес.   Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, 600дөн ашыгынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген.   Ал эми 430га жакыны ар кандай себептерден улам класстан көчпөй калгандар. Учурда алардын ар бири менен өз алдынча иш жүргүзүлүп жатат.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда асыл тукум уйлардын саны көбөйтүүгө 5 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанда асыл тукум уйлардын саны көбөйтүүгө 5 миллион доллар бөлүп берет. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, облустагы ар бир райондо миңден кем эмес сүт багытындагы уйларды багуу, сүт кластерин түзүү боюнча иштер башталды. Каражатка ар бир аймакта сүт кабыл алуучу… Кененирээк…