Бишкекте быйыл 2 миңден ашык ийне жалбырактуу бак отургузулат

Бишкекте быйыл 2 миңден ашык ийне жалбырактуу бак отургузулат. Мэрия маалыматына ылайык, учурда ордо калаанын багбандары Масалиев көчөсүн бойлото арчаларды тигип жатат.   Буга чейин көчөттөр Курманжан Датка, Валиханов, Логвиненко, Орозбеков, Гагарин, ошондой эле Чүй жана Айтматов проспектилеринде пайда болду.

Кыргызстанда 1-мартта чет элдик жарандар үчүн миграциялык амнистиянын мөөнөтү соңуна чыгат

Кыргызстанда 1-мартта чет элдик жарандар үчүн миграциялык амнистиянын мөөнөтү соңуна чыгат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эскертишкендей, берилген убакыттын ичинде чет элдиктер Кыргызстан аймагынан виза жана каттоо жасатпай эле чыгып кетсе болот.   Авиациялык, темир жол жана транспорттук каттамдар калыбына келтирилип жатканын эске алуу менен министрлер кабинети… Кененирээк…

Кыргызстан калкын каттоо бул ирет уюлдук тиркеме аркылуу жүргүзүлөт

Кыргызстан калкын каттоо бул ирет уюлдук тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Өнөктүктүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.   “Бул жылкы эл каттоонун айырмачылыгы абдан чоң, анткени,  2009-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак-жай каттоо өткөн. Ал убакта бардыгы кагаз түрүндө болду.… Кененирээк…

Баткенде өзгөчө макам бериле турган айылдардын тизмеси кеңейтилди

Баткенде өзгөчө макам бериле турган айылдардын тизмеси кеңейтилди. “Азаттыкка” президенттин Баткендеги чектеш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаков билдиргендей,  тизмеге буга чейинки 62 айылдан тышкары 89 айылды киргизүү сунушталууда. Алар Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунда жайгашкан.   “Баткен облусунун статусу… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал дагы эле чыңалган

Кыргыз-тажик чек арасында абал дагы эле чыңалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жарыялады. Баткендеги чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.   Эске салсак, 27-январда Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана жолун бир тараптуу жаап салган. Андан кийин абал курчуп, коңшу өлкөнүн аскерлери ок… Кененирээк…

Улуу Британияда аял жумуштагы теңсиздик үчүн 2 миллион доллардан ашык соттон утуп алды

Улуу Британияда аял жумуштагы теңсиздик үчүн 2 миллион доллардан ашык соттон утуп алды. Банктын кызматкери бирдей кызматтагы эркектер андан көп айлык алганына нааразылыгын билдирип сотко кайрылган.   Кызыгы, анын ишин аял судья карап, жыйынтыгында, теңсиздикке даттанган аял соттон утуп чыкты.

Маданият министрлиги “электрондук музей” концепциясын ишке ашыруу ниетинде

Маданият министрлиги “электрондук музей” концепциясын ишке ашыруу ниетинде.   Ведомство жетекчиси Азамат Жаманкуловдун айтымында, бардык экспонаттарды санариптештирип, музейлердин электрондук каталогун түзүү пландалууда.   Андан тышкары, Маданият министрлиги Алыкул Осмонов атындагы музейди жана Ысык-Көлдөгү Мухтар Ауэзов атындагы музейди өзүнүн балансына өткөрүү ниетинде. Ошондой эле, “Манас-Ордо”, “Сулайман-Тоо”… Кененирээк…

Баткендин чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда келтирилген материалдык зыян 3 миллион сомго чукулдады

Баткендин чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда келтирилген материалдык зыян 3 миллион сомго чукулдады. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, чыгымдарды райондук Жарандык коргонуу комиссиясы эсептеди. Анда эки бастырма жана бир унаа күйүп, 10 үй жабыркаган.   Ал эми мал-жандыктар боюнча келтирилген чыгымды… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 3-февралдан тарта өлкөнүн басымдуу аймактарында аба табы кескин төмөндөп, жаан, кар жаайт.   Тоолуу аймактардагы жолдордо күрткүлөр пайда болуп, муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши мүмкүн. Мындай аба-ырайынын шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

“Манас” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бизге аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, коюу туман тараган соң, аэропортто кармалып жаткан бардык учактар конуп, учуп кетти.   Эске салсак, бүгүн эртең менен коюу тумандан улам “Манас” аба майданында бир нече эл аралык жана ички каттамдар… Кененирээк…