Эки округдагы кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат

Эки округдагы кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Комиссиядан такташкандай, бүгүнкү күнгө карата  52 талапкер катталды.   Жалпысынан шайлоого катышуу үчүн 72 адам арыз берген. Эске салсак, талапкерлерди каттоо 7-февралга чейин жыйынтыкталат, андан кийин үгүт жүргүзүү кампаниясы старт алат. Ал эми… Кененирээк…

Курсан Асанов үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту Октябрь окуяларына байланыштуу айып коюлуп камакта жаткан ички иштер министринин мурдагы орун басары, экс-депутат Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Мындан бир күн мурда ушул фактыга байланыштуу камакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов дагы үй камагына чыккан. Курсан Асанов октябрь… Кененирээк…

Кыргыз Улуттук университетинин Фрунзе, Турусбеков көчөлөрү жана Манас проспектин бойлой тосмолору алынды

Кыргыз Улуттук университетинин Фрунзе, Турусбеков көчөлөрү жана Манас проспектин бойлой тосмолору алынды. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер ордо калаанын архитектурасын бир стратегиялык саясатка келтирүү жана сырткы көрүнүштү жакшыртуунун алкагында жүрүп жатат.   Бишкек мэриясы мамлекеттик органдардын жана мекемелердин администрациясына тосмолорду өз алдынча алууну сунуштайт.

Эл каттоо учурунда үйүндө жок жарандар тууралуу маалыматты алардын жакындары бере алат

Эл каттоо учурунда үйүндө жок жарандар тууралуу маалыматты алардын жакындары бере алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.   “Алар дагы эл каттоого кирет сөзсүз түрдө. Командировкага кетип калса, үйүндө баласы бар, келинчеги бар, ата-энеси же жолдошу бар дегендей.… Кененирээк…

Кыргызстанда махабат күнү деп эсептелген 14-февралда 177 жуп баш кошот

Кыргызстанда махабат күнү деп эсептелген 14-февралда 177 жуп баш кошот.   Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон кошумчалашкандай, февраль айында дагы бир кооз дата бар – 22.02.2022.   Бул күнү баш кошуу чечимин 95 жуп кабыл алды. Белгилеп кетсек, үй-бүлөнү каттоо боюнча арыз 30… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү декларацияны кабыл алуу кампаниясы тууралуу эскертет

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү декларацияны кабыл алуу кампаниясы тууралуу эскертет. Ведомство маалыматына ылайык, 1-мартка чейин өткөн жылга карата кирешеси жөнүндө отчетту юридикалык жактар тапшырса, физикалык жактар 1-апрелге чейин декларация тапшырууга милдеттүү.   Документти өз учурунда тапшырбагандарга айып каралат.

Бишкек бийлиги мектептердин айланасындагы тосмолорду алуу оюнан кайтты

Бишкек бийлиги мектептердин айланасындагы тосмолорду алуу оюнан кайтты. Мындай чечим окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды.   Ордо калаа мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү органдарга билим берүү объектилеринин айланасын тосуу жана азыркы дарбазаларды санитардык нормаларга ылайык калыбына келтирүү иштерин этап менен ишке ашырууну тапшырды.

Борбор Азия энергетикалык шакекчесиндеги аварияны өлкөлөр аралык комиссиясы иликтеп жатат

Борбор Азия энергетикалык шакекчесиндеги аварияны өлкөлөр аралык комиссиясы иликтеп жатат. Жыйынтыгы 7-февралда чыгат деп күтүлүүдө, — деп билдиришти Novosti.kgге Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан.   Андан такташкандай, учурда Кыргызстандын энерго тармагында абал туруктуу, электр энергиясы кайрадан массалык түрдө өчүп калат деген коркунучтар жок.   Эске салсак,… Кененирээк…

Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болду

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды. Т   иешелүү документке Садыр Жапаров кол койду.   Маалыматка караганда, анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде каралбастан эле дипломатиялык кызматка дайындалды.

Баткен облусунда Министрлер кабинетинин көчмө жыйыны өтөт

Баткен облусунда Министрлер кабинетинин көчмө жыйыны өтөт.   Өкмөттөн билдиришкендей, ушул айдын экинчи жарымында аталган аймакта биринчи чогулуш өтүп, облуста өзгөчө макам берилчү айылдардын тизмеси кайра каралат.   Эске салсак, “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамга өткөн жылы кол коюлган.   Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер,… Кененирээк…