Бишкек мектептериндеги 1-класстын окуучулары 14-февралда бир жумалык каникулга тарайт

Бишкек мектептериндеги 1-класстын окуучулары 14-февралда бир жумалык каникулга тарайт. Мэриянын маалыматына караганда, балдар парталарга кайра 21-февралда кайтып келет. Белгилеп кетсек, ар жыл сайын үчүнчү чейректе салтка айлангандай 1-класстын окуучуларына конушча эс алуу берилет. Анын ортосунда айрым аймактардын 1-класстары бүгүнтөн тартып каникулга чыкты. Эс алуу мөөнөтү… Кененирээк…

“Бишкек санитардык полигону” ишканасы жаңы техникаларды ижарага алуу ниетинде

“Бишкек санитардык полигону” ишканасы жаңы техникаларды ижарага алуу ниетинде. Пландалгандай, атайын унаалар таштанды жайына катуу калдыктарды чыгаруу үчүн колдонулат. Бульдозерлерди алуу үчүн 3 миллион 600 миң сом каралат. Бул суммага 8 сааттык жумушчу күн үчүн жабдууларды иштетүү, күйүүчү-майлоочу майдын чыгымы, айдоочу-операторлордун кызматы жана атайын техниканы… Кененирээк…

Ош облусунун Араван районундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды

Ош облусунун Араван районундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, аймактагы 280 үй-бүлөгө 250 килограммдан кара отун берилди. Демилгени чет элдик донорлор каржылады. Белгилеп кетсек, Араван районунда быйылкы кышкы жылытуу сезонунда үчүнчү ирет акысыз көмүр таратылууда. Жардамга 1 миңден ашык үй-бүлө ээ… Кененирээк…

Мамлекеттик бажы кызматы унаа базарындагы кампада жайгашкан машинелердин ээлерин издеп жатат

Мамлекеттик бажы кызматы унаа базарындагы убактылуу сактоочу кампада жайгашкан машинелердин ээлерин издеп жатат. Ар кайсы маркадагы 51 унаа жана 5 чиркегич бажылык каттоодон өтпөй турат. Алардын тизмеси Бажы кызматынын сайтына жарыяланды. Унаа ээлери тиешелүү документтери менен 14-февралга чейин Түндүк-Чыгыш бажысына кайрылышы зарыл. Ээлери чыкпаса, сот… Кененирээк…

Мобилдик телефондорду колдонгон кыргызстандыктар IMEI-кодду каттоо үчүн 700 сом төлөбөйт

Мобилдик телефондорду колдонгон кыргызстандыктар IMEI-кодду каттоо үчүн 700 сом төлөбөйт. Бул тууралуу IMEI структурасынын маалыматтык коопсуздук ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Баканов билдирди. Анын айтымында, импорттоочу аталган сумманы ар бир телефон үчүн өлкөгө алып кирүүдө төлөшү керек — бул салык жана бажы алымдары. Анын ортосунда түзүмдүн… Кененирээк…

Криштиану Роналдунун Instagram баракчасында катталуучуларынын саны 400 миллиондон ашты

Криштиану Роналду Instagram баракчасында 400 миллион катталуучу топтой алган дүйнөдө алгачкы адам болду. Футболчу кезектеги ирет жеке рекордун жаңылады, Роналду буга чейин дагы 300 миллион катталуучу менен биринчи орунда турчу. Ал эми баарынан көп катталуучу Instagramдын өздүк баракчасында – 469 миллионго барабар.

Республика боюнча 25 мектептин окуучулары онлайн режимде окуп жатат

Республика боюнча 25 мектептин окуучулары онлайн режимде окуп жатат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алардын 10у Чүйдө, 8и Жалал-Абадда, 4өө Баткенде, 2өө Бишкекте. Андан тышкары, Ысык-Көл облусундагы дагы бир объект башка оору катталганы үчүн аралыктан иштеп жатат. Ведомстводон белгилешкендей, билим берүү мекемелеринин убактылуу жабылышы эпидемиологиялык кырдаалга… Кененирээк…

Бишкекте мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат

Бишкекте мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат. Мэриянын маалыматына ылайык, объектилер бир катар конуштарда пайда болот. Алсак, алар Ак-Босого, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо жана Мурас-Ордо. Бардык долбоорду ишке ашырууга 1 жарым миллиард сом керектелет. Муниципалитеттен белгилешкендей, жаңы мектептерди куруу менен билим берүү мекемелерине… Кененирээк…

Кайра өтө турган шайлоого бүгүн башталган үгүттөө өнөктүгү 19 күнгө созулат

Кайра өтө турган шайлоого бүгүн башталган үгүттөө өнөктүгү 19 күнгө созулат. Аггитация 26-февралда саат эртең мененки 8де токтотулат, — деп билдиришти БШКдан. Учурда эки округда кайра өтө турган добуш берүүгө 53 талапкер ат салышууда. Алардын 27си Биринчи май округу боюнча, 26сы Свердлов окуругунда  өзүн-өзү көрсөтөт.… Кененирээк…

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу тобунун жыйынынын негизинде былтыр майдан бери 80 чакырымдан ашык чек ара тилкеси жазылды

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу тобунун жыйынынын негизинде былтыр майдан бери 80 чакырымдан ашык чек ара тилкеси жазылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, 10-февралдан 15ине чейин кезектеги ирет Кыргызстан аймагында жыйын өтөт. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын линиясын жазууда 1924-1927 жана 1989-жылдардагы документтер каралат.