Бишкектеги коомдук унааларда жоголгон буюмдар сакталган бюро ачылды

Бишкектеги коомдук унааларда жоголгон буюмдар сакталган бюро ачылды. Мэриядан билдиришкендей, Жол-транспорт инфраструктура департаментине коомдук транспорттон буюмун жоготуп же таап алгандар кайрылса болот. Бул үчүн буюмду жоготуп же таап алган боюнча департаментке арыз таштоо зарыл. Анда унутулган же табылган буюмду сүрөттөп, маршруттун номерин, дарегин жана убактысын… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда эки бала бакча пайда болду

Жалал-Абад облусунда эки бала бакча пайда болду. Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы мектепке чейинки даярдоо мекемеси и 100 орунга ылайык. Курулушка жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 миллион сом жумшалды. Андан тышкары, Кербен шаарынын Жетиген айылында дагы 22 миллион сомго 100 орундуу бала бакча салынды. Объектилер жакынкы аралыкта… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстандагы 4 аэропортту кайра калыбына келтирүү пландалууда

Быйыл Кыргызстандагы 4 аэропортту кайра калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун директору Бакыт Шаршеев «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында билдирди. Анын айтымында, «Каракол» жана «Баткен»  аэропортторун оңдоп-түзөөгө сынак жарыяланды. Андан тышкары, «Ош» эл аралык аба майданына жүк терминалын куруу… Кененирээк…

Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрына башкы директор дайындалды

 ыргыз Республикасынын министерлер кабинетинин буйругуна ылайык, Алмазбек Истамбаев А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка маданият министри Азамат Жаманкулов… Кененирээк…

Японияга калың кар жаап, айрым шаарларда поезддердин кыймылы токтоду

Японияга калың кар жаап, айрым шаарларда поезддердин кыймылы токтоду. Рейтер басылмасынын маалыматына караганда, кар массасы Тига префектурасында 62 сантиметр бийиктикте түшсө, Саппоро, Хокайдо шаарларлында бир суткада эле 60 сантиметрге чейин жетти. Аталган аймактардын айрым жерлеринде кардын бийиктиги 1 метрден ашканы айтылууда.

Билим берүү министрлиги Кыргызстандын эң мыкты мектептерин тандайт

Билим берүү министрлиги Кыргызстандын эң мыкты мектептерин тандайт. Ведомство жетекчисининин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Ал окутуу, билим берүү кызматтарын өнүктүрүү, заманбап окуу-методикалык комплекстерин түзүү жана пайдалануу тажрыйбасын, ийгиликтерин көрсөтүп бере турган мектептердин өтүнмөлөрүн карап чыгат.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат. Президенттин аймактагы өкүлчүлугүнөн билдиришкендей, борбор Ленин айыл аймагында пайда болот.  Мекемени учурда иштебей турган №36 кесиптик лицейдин жатакансынын имаратына жайгаштыруу пландалууда. Борбордун ачылышы менен ройондун 7 айылындагы 90 миңге жакын калкка кызмат көрсөтүлөт. Буга чейин Сузак… Кененирээк…

«Оскар» сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

«Оскар» сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. «Мыкты тасма» номинациясы үчүн «Белфаст», «Жогору жакты караба», «Дюна», «Иттин бийлиги» жана «Вестсайд тарыхы» фильмдери талапкер. «Кыска метраждуу мыкты анимациялык тасма» категориясына «Боксбалет», «Искусство», «Бестия», «Робин» жана «Айнек тазалагыч» тасмалары жарышат. Белгилеп кетсек, айрым кино картиналар 10дон ашык номинацияга көрсөтүлүүдө.… Кененирээк…

Бардык салык төлөөчүлөр киреше салыгы менен камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу отчетторду бирдиктүү формада тапшырышы керек

Бардык салык төлөөчүлөр киреше салыгы менен камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу отчетторду бирдиктүү формада тапшырышы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Мындай форма бардык салык төлөөчүлөргө, чакан, орто ишкердик субъектилер менен коммерциялык эмес уюмдарга дагы тиешелүү. Салык агенти ар айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен отчетту төлөй турган жери… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Турмуш басылмасынын маалыматына караганда, акысыз отун аймактагы 2 миң үй-бүлөгө берилди. Алардын тизмеси ар бир айыл өкмөт тарабынан аныкталып, түзүлгөн. Демилге демөөрчүлөр тарабынан ишке ашты.