Өкмөт ГЭС кургандарга жеңилдик берүү ниетинде

Өкмөт ГЭС кургандарга жеңилдик берүү ниетинде.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Анын айтымында, салык кодексинде күндүн нуру же ГЭСтерге алып келе турчу жабдууларга бардык салыктар алынып салынды жана жеңилдик 15 жылга чейин берилет.   Ошондой эле, бул багытта атайын фонд… Кененирээк…

Жергиликтүү шайлоодо талапкер 500 миң сомдон ашык корото албайт

Жергиликтүү шайлоодо талапкер 500 миң сомдон ашык корото албайт.   БШК шайлоо фонддоруна атайын эсептерди ачуу жана айрым жергиликтүү кеңештердеги депутаттыкка талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоочу банк мекемелерин аныктады.   Саясий партиянын шайлоо фондунун эсебиндеги чыгымдарынын максималдуу өлчөмү 5 миллион сомдон ашпашы… Кененирээк…

Кыргызстанда визасыз режимге уруксат берген өлкөлөрдүн санын дагы толукталды

Кыргызстанда визасыз режимге уруксат берген өлкөлөрдүн санын дагы толукталды.   Тышкы иштер министрлигинен маалым болгондой, ага Албания, Болгария, Вьетнам, Израил, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика кирди.   Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алышат.   Эске салсак, учурда Кыргызстанда 61 өлкөнүн… Кененирээк…

Нарында окуучулар үчүн жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча сынак өттү

Нарында окуучулар үчүн жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча сынак өттү.   Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чара өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучулардын бош убактыларын туура, пайдалуу өткөрүүгө, жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоого багытталды.   Жыйынтыгында активдүү окуучуларга атайын орундар берилип, чакан белектер тапшырылды.

Өлкөгө электр энергиясын импорттоого 1 миллиард 200 миллион сом бөлүндү

Өлкөгө электр энергиясын импорттоого 1 миллиард 200 миллион сом бөлүндү.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал белгилегендей, электр энергиясынын жетишсиздиги 6 миллиард кВт саат болсо, анын 3 миллиард кВт сааты учурдагы тартыштык болуп, импорттун эсебинен жабылат.   Жаңы перспективдүү өнөр… Кененирээк…

Президенттин иш башкармалыгынын бюджети дээрлик эки эсе кыскарат

Президенттин иш башкармалыгынын бюджети дээрлик эки эсе кыскарат.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, февралда мамлекет башчынын иш башкармалыгына республикалык бюджеттен 37 миллион сом бөлүндү.   Январда бөлүм 68 жарым миллион сом сарптаган.   Муну менен бул айда чыгашалар 1,8 эсеге же 31 миллион 460 миң сомго… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын өсүү темпи жакынкы жылдарда басаңдайт

Кыргызстан калкынын өсүү темпи жакынкы жылдарда басаңдайт.   Чет элдик порталдын талдоосуна ылайык, Кыргызстандан бир саатта бир жаран өлкөдөн чыгып кетет.   Мындан тышкары, орто эсеп менен кыргыз аялы 3 гана бала төрөгөн тенденция байкалууда.   Белгилеп кетсек, калктын санынын жылдык өсүү темпи 2020-жылы туу чокуга… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 50 орундуу бала бакча курулду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 50 орундуу бала бакча курулду.   Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, имараттын курулушуна бюджеттен 2 миллион, чет элдик уюм тарабынан 13 миллион сом жумшалды.   Жерге-Тал айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жакында каалгасын ачат.

Кыргызстанда ишкер аялдардын укуктарын коргогон коалиция түзүлдү

Кыргызстанда ишкер аялдардын укуктарын коргогон коалиция түзүлдү.   Бирикмеден билдиришкендей, коалицияны 22 уюм биргелешип түздү.   Анын негизги максаты аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик зомбулукту азайтуу, ишкер аялдар үчүн шарттарды жакшыртуу, ишин андан ары өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Түндүк-түштүк унаа жолундагы көпүрөнүн уурдалган тосмолору боюнча иш козголду

Түндүк-түштүк унаа жолундагы көпүрөнүн уурдалган тосмолору боюнча иш козголду.   Ички иштер министрлигинен маалым болгондой, Сузак райондук ички иштер бөлүмү аталган факт боюнча “Уурулук” беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат.   Маалыматка ылайык, райондун Курманбек жана Калмак-Кырчын айылдарынан өткөн “Жалал-Абад-Казарман” унаа жолунун 364-чакырымына транспорт өтүүчү… Кененирээк…