Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтен эскертишкендей, эртеңден тартып 18-февралга чейин республиканын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт, жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Мындай аба-ырайынын шарттары комуналдык, байланыш жана транспорттук кызматтардын ишин… Кененирээк…

Түндүк-түштүк унаа жолу аркылуу өткөн транспорт каражаттарынан акча алуу пландалууда

Түндүк-түштүк унаа жолу аркылуу өткөн транспорт каражаттарынан акча алуу пландалууда. Бул тууралуу унаа жана жолдор министринин орун басары Нурланбек Кыйынбаев билдирди. Анын айтымында, жеңил унаалардан 150 сом, ал эми чоң жүк ташуучу унаалардан 500 сом алуу пландалууда. Бирок акча туннелге гана толөнөт, — деп белгиледи… Кененирээк…

Кыргызстандыктар пенсиялык топтолмолорун ипотекалык насыяны төлөөгө жумшаса болот

Кыргызстандыктар пенсиялык топтолмолорун ипотекалык насыяны төлөөгө жумшаса болот. Министрлер кабинетинин токтом долбоору учурда коомдук талкууда. Ага караганда, социалдык фонддун сунушуна ылайык, өлкө жарандары ипотекалык насыянын баштапкы төлөмүн төгүү үчүн пенсиялык топтолмолордун бир бөлүгүн алса болот. Бирок топтолгон каражат жана аны инвестициялоодон түшкөн киреше 50 миң… Кененирээк…

Быйыл Бишкектеги 20 лифтти оңдоо пландалууда

Быйыл Бишкектеги 20 лифтти оңдоо пландалууда. Мэриядан билдиришкендей, калыбына келтирүү иштери 25 жылдан ашык иштеген лифттерге тиешелүү болот. Лифттердин тизмеси бир нече факторлорду эске алуу менен түзүлөт. Бул үчүн колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен же лифтти турак жай ээлеринин бирикмесинин балансына өткөрүү үчүн тиешелүү документтер болушу… Кененирээк…

Кыргызстан санариптик кызматтарды өнүктүрүү үчүн 40 миллион доллар алышы ыктымал

Кыргызстан санариптик кызматтарды өнүктүрүү үчүн 40 миллион доллар алышы ыктымал. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогу каржылоо маселесин кароого даяр. Ведомстводон белгилешкендей, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү – мамлекеттин приоритеттүү милдети, андыктан бардык аракет кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн сапатын өстүрүүгө багытталат.

Кыргызстандыктарда өз алдынча ковидди аныктай ала турган мүмкүнчүлүк түзүлөт

Кыргызстандыктарда өз алдынча ковидди аныктай ала турган мүмкүнчүлүк түзүлөт. Республикалык штабдын маалыматына караганда, өлкөнүн дарыканаларында түркияда өндүрүлгөн экспресс-тесттер сатыла баштайт. Сатып алуучуларга акыркы бааны дарыканалар өздөрү орнотот, бирок алар ПЦР-анализге караганда кадыресе арзан болот. Экспресс-тестти жүргүзүү үчүн 15 мүнөттөн ашык талап кылынбайт, жыйынтыгы 5 мүнөтөн… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу трассаларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу трассаларында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Ак-Таш трассаларында муз тоңуп, кар көчкү түшүшү мүмкүн. Андыктан, айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик… Кененирээк…

«Жаш Гвардия бульвары — Лев Толстой — Матыев» көчөлөрүнө эки тараптуу транспорттук түйүн куруу сунушталды

«Бишкек башкы архитектура» ишканасы «Жаш Гвардия бульвары — Лев Толстой — Матыев» көчөлөрүнө эки тараптуу транспорттук түйүн курууну сунуштады. Архитекторлор мындай чара менен жол тыгынын жоюу ниетинде. Алсак, Жаш Гвардия проспекти Матыев көчөсүнө чейин жеткирилип, эки магистраль биригет. Эскизде көрсөтүлгөндөй, Лев Толстой көчөсү аркылуу эстакадалык… Кененирээк…

Кышкы олимпиадада медалдардын саны боюнча Норвегия алдыга чыкты

Кышкы олимпиадада медалдардын саны боюнча Норвегия алдыга чыкты. Учурда аталган өлкөнүн капчыгында 6 алтын, 3 күмүш жана 5 коло бар. Андан кийин эле Германия 6 алтын жана 3 күмүш менен келе жатат. Алдыңкы өлколөрдүн катарын Швеция дагы толуктайт, учурда анын эсебинде 5 алтын жана 2ден… Кененирээк…

Бишкектин 2022-жылкы бюджети бекитилди

Бишкектин 2022-жылкы бюджети бекитилди. Быйылкы жылга карата киреше жана чыгаша бюджети 11 миллиард 690 миллион деп орнотулду. Бул тууралуу шаардык кеңештин токтомунда айтылат. Ага караганда, каражат 4 районго дээрлик бирдей көлөмдө бөлүштүрүлөт. Эске салсак, Бишкектин былтыркы бюджети быйылкы суммадан дээрлик 1,5 миллиард сомго аз болчу.