Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин айлыгы  40 пайызга көбөйөт

Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин айлыгы  40 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Айлык көтөрүлгөндөн кийин айдоочулар орточо эсеп менен 25 миң сомдон алып баштайт.   Мындай чечим айдоочулардын, техникалык кызматкерлердин графиги менен иш көлөмүнө жасалган мониторингден кийин чыгарылды, — дешти муниципалитеттен.

Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Ал заманбап жабдуулар менен, ынгайлуу күтүү залы менен, сурап-билүү бөлүмү менен камсыздалды.   Андан тышкары, борбордо электрондук кезек системасы жана видео байкоо камералар орнотулду. Белгилеп кетсек, бул райондогу экинчи калкты тейлөө борбору. Ал күнүнө 250 жаранга… Кененирээк…

Ордо калаанын жаңы конуштарынын тургундарына техпаспортторду берүү уланууда

Ордо калаанын жаңы конуштарынын тургундарына техпаспортторду берүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 1 миң 600дөн ашык техпаспорт берилди.   Арыздар Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, Кара-Жыгач, Учкун жана Ак-Тилек конуштарынын тургундарынан кабыл алынууда. Эске салсак, техпаспортторду берүү боюнча көчмө топтор ишин 7-декабрда… Кененирээк…

Бишкекте жыл башына карата 6 миңден ашык жумушсуз адам катталды

Бишкекте жыл башына карата 6 миңден ашык жумушсуз адам катталды.   Ишке орноштуруу  башкармалыгынан билдиришкендей, бул расмий маалымат, тагыраак айтканда, кеп башкармалыкка келип, каттоого тургандар жөнүндө болуп жатат.   Ал эми иш жүзүндө ордо калаада жумушсуз адамдардын саны андан дагы көп. Ведомстводон белгилешкендей, иши жоктордун… Кененирээк…

Венеция медициналык беткаптарды карнавалдык маскаларга алмаштырууда

Венеция медициналык беткаптарды карнавалдык маскаларга алмаштырууда. Бул жерде эки жылдан бери алгачкы жолу ири майрамды уюштурууга жана туристтерди кабыл алууга уруксат берилди. Карнавалга айрым чектөөлөр киргизилди.   Бирок бул дагы жергиликтүү элге кадимки жашоо кайтып келе жатканынан кабар берет. Салттуу карнавал 1-мартка чейин уланат.

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт. “Бишкек суу каналынын” маалыматына ылайык, 15-февралда эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Элебесов, Медеров, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн бириктирген бөлүктө таза суу жок болот.   Убактылуу чектөөлөр “Таксомотор” суу дарбазасында оңдоо иштерине байланыштуу.

Калкты каттоого тартылган операторлор чогулткан маалыматын контролерлорго тапшырат

Калкты каттоого тартылган операторлор чогулткан маалыматын контролерлорго тапшырат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.   “28 миңге жакын киши ишке тартылат, алардын ичинен 24 мин 737 киши эл жана турак-жай каттоочулар. Андан тышкары, контролерлор деп коебуз, жанагы 2800 ноутбук… Кененирээк…

Ош облусунда Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна 800 миллион сом жумшалат

Ош облусунда Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна 800 миллион сом жумшалат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Бишкек-Ош трассасынан Өзгөндүн борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө 35 миңдей унаа өтөт, анын ичинде жүк ташуучу машинелер дагы көп.   Мунун айынан шаарда дайыма тыгындар жаралып, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаралат.  … Кененирээк…

Биздин өлкө бийлиги Россияга пандемия убагында үзгүлтүккө учураган темир жол каттамын жандантууну сунуштады

Биздин өлкө бийлиги Россияга пандемия убагында үзгүлтүккө учураган темир жол каттамын жандантууну сунуштады. Бул тууралуу республиканын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Ага ылайык, Бишкектен Москвага жумасына 2 жолу, Казань шаарына 1 жолу жана 8 күндө бир жүргүнчү ташуучу поездди Новосибирск калаасына жөнөтүү сунушталды.   Кыргызстандан… Кененирээк…

«Бишкекжарык» ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, ишкананы текшерүү учурунда товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталып, анын чыгымы 27 миллиондон ашуун сомду түзгөн. Прокуратура «Кызматтык абалынан кыянат пайдалануу» (337), «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу»… Кененирээк…