Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүндү

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүндү.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, каражат “Айыл-чарбасын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында берилет.   Жеңилдетилген насыя коммерциялык банктар аркылуу жылдык 6 пайыздык чен менен жеткиликтүү болот, — деди Жапаров.

Нарын шаарына мэр болуп Канболот Тутуев дайындалды

Нарын шаарына мэр болуп Канболот Тутуев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы дайындалган мэр кийинки жумада ишке киришет.   Белгилеп кетсек, Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов берген арызына ылайык 1-февралда ээлеген кызматынан бошотулган.

Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап Масалиев дайындалды

Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап Масалиев дайындалды. Бул тууралуу муфтиятка байланышканыбызда билдиришти. Маалыматка ылайык, Көчкөнбай Садиллаев ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү арызын жазган.   Эске салсак, Көчкөнбай Садиллаев Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп 26-июнда дайындалган.

Жалал-Абадда он чакан ГЭС куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын аягына чейин он чакан ГЭС куруп, пайдаланууга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, облустук бийлик ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар ички жана сырткы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. “Биз бардык инвесторлор менен сүйлөштүк. Алардын… Кененирээк…

Бишкек мэриясы автобустарды сатып алууга 1,5 миллиард сом жумшайт

Бишкек мэриясы автобустарды сатып алууга 1,5 миллиард сом жумшайт. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгөнчөков билдирди.   Анын айтымында, 2022-жылдын бюджет долбоорунда бул максатта   1 миллиард сом каралды. Андан тышкары, жыл аягында 500 миллион сомго каржы булагы белгиленди. Чиновник белгилегендей, транспортту… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунун жыйынтыгы 30-апрелге чейин жарыяланат

Жергиликтүү кеңеш шайлоолорунун жыйынтыгы 30-апрелге чейин жарыяланат. БШК маалымдагандай, ага чейин шайлоо комиссияларынын отурумдары өтүп, протоколдор түзүлүп, добуш берүүгө келген жарандардын тизмеси илинет.   Эске салсак, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтөт. Добуш берүү 10-апрелге белгиленди.

Олимпиада күндөлүгүнөн

Олимпиада күндөлүгүнөн. Медалдардын саны боюнча Норвегия алдыда. Кураманын капчыгында 12 алтын, 7 күмүш жана 8 коло медаль бар. Экинчи орунда 9 алтын, 6 күмүш жана 3 коло медалы менен Германия жайгашса, үчүнчүдө АКШ турат.   Анын эсебинде 8 алтын, 7 күмүш, 4 коло медаль топтолду.… Кененирээк…

Парламент билим берүү министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды

Парламент билим берүү министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды. Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган. Бейшеналиевдин талапкерлигин 76 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок.   Белгилеп кетсек, Бейшеналиев 2021-жылдын май айында Билим берүү министри болуп дайындалган.   Андан кийин республиканын БУУдагы туруктуу өкүлү,  Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп эмгектенди.

Дүйнөдөгү эң романтикалуу шаарлар аталды

Дүйнөдөгү эң романтикалуу шаарлар аталды. Америкалык компаниянын маалыматына ылайык, биринчи орунда Лондон жайгашат. Экинчиде – Париж жана үчилтикти Барселона бекитет.   Рейтинг романтикалуу ресторан, мейманкана, спа-салондордун саны менен түзүлдү. Аны түзүүчүлөр жадакалса романтикалуу сүрөттөрдөгү хештегдерди дагы эске алышкан.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы өзгөрүүсүз калды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы өзгөрүүсүз калды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, бүтүрүүчүлөр негизги тест үчүн 370 сом жана кошумча тандалган ар бир предмет үчүн 370 сомдон төлөшү керек.   Бул жылы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо онлайн түрүндө жүргүзүлөт. Орто мектепти же орто… Кененирээк…