Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев калкка 350 миң кой-эчки таратууну тапшырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев калкка 350 миң кой-эчки таратууну тапшырды. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, мал 10 күндүн ичинде кооперативдик негизде элге таратылат.   Бул максатта бюджеттен 100 миллион доллар бөлүнөт. Облус жана райондордун жетекчилери 67 ири кой жана эчки фермаларын уюштурушу керек. Буга чейин Мирзиёев калкка… Кененирээк…

Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү министри болуп дайындалды

Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бейшеналиевдин талапкерлигин өлкө башчы жылдырып, аны Жогорку Кеңеш депутаттары колдошту.   Эске салсак, буга чейин министрликти жетектеп келген Болотбек Купешев ден-соолугуна байланыштуу кызматынан бошотулду.

Кара-Сууда логистикалык борбор курулат

Кара-Сууда логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу райондун акими Турусбек Ногоев билдирди. Анын айтымында, индустриялык-логистикалык борборду Кашкар-Кыштак айылында 5 гектар жерге куруу пландалууда. Ишкана үч этап менен салынып, негизги багыты тигүү өндүрүшү болот.   Чийки пахта буласын кабыл алып, токулган кийимдерди өндүрүп чыгат. 45 миллион долларга… Кененирээк…

Газдалган суусундуктар сөөккө зыян тийгизет

Газдалган суусундуктар сөөккө зыян тийгизет.   Россиянын ортопедия клиникалык борборунун бөлүм башчысы Юрий Костенко билдиргендей, тамактануу режими бузулганда, тынбай эле шам-шум эте бергенде же тез даярдалуучу тамактарды көп жегенде витаминдер менен минералдар жетишсиздиги жаралып, сөөк тканы ичкерип кетет. Газдалган суусундуктар сөөктөн кальцийди “жууп” салат.  … Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстан мектептерин компьютерлер менен камсыздоого колдоо көсөтөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстан мектептерин компьютерлер менен камсыздоого колдоо көсөтөт.   Каржы мекемеси бөлүп берген каражатка 1 миң 200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжке компютер, проектор, принтер жана башка техника  сатылып алынат. Жалпысынан 24 миң 168 даана компьютер сатып алуу пландалууда. Бул максатта тендер жарыяланды.  … Кененирээк…

Россиянын 3 регионундагы чет элдиктерди кабыл алууга киргизилген тыюу Кыргызстан жарандарына тиешелүү эмес

Россиянын 3 регионундагы чет элдиктерди кабыл алууга киргизилген тыюу Кыргызстан жарандарына тиешелүү эмес. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Эске салсак, Ханты-Мансийск автономдук округунда жана Тюмень, Калуга облустарында соода, коомдук транспорт жана коомдук тамактануу тармактарына мигранттарды жумушка алууга тыюу салынды.   Бул… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги айрым жеке медициналык жогорку окуу жайларды жабуу чечимин кабыл алды

Саламаттыкты сактоо министрлиги айрым жеке медициналык жогорку окуу жайларды жабуу чечимин кабыл алды.   Ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, медициналык адистерди даярдоочу 3 эле окуу жай калат, алар – Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы, Кыргыз-орус славян университети жана Ош университети.   Калган 17 жеке жана 3… Кененирээк…

Кыргызстанда кымбат унааларга салык киргизүү пландалууда

Кыргызстанда кымбат унааларга салык киргизүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.   Анын айтымында, учурда өкмөт Түркиянын ашыра байлыкка киргизилген салыгы боюнча тажрыйба алып жатат, бул өлкөдө кыймылдаткычтын көлөмү жогору болгон унааларга 10 миң доллардан ашык салык төлөнөт.   Премьер белгилегендей, мындай… Кененирээк…

Тайланд бийлиги Бангкок шаарынын аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алды

Тайланд бийлиги Бангкок шаарынын аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алды.   Эми бул калаа Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп аталат. Бирок Бангкок шаардын расмий эмес аталышы болуп кала берет, жана тексттерде кашаанын ичинде көрсөтүлүп турат.   Жаңы аталыш “Периштелердин шаары жана улуу борбор” дегенди түшүндүрөт. Тайланддын борборунда 8 миллионго… Кененирээк…

Кыргызстанга жаздын илеби келип баштайт

Кыргызстанга жаздын илеби келип баштайт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эми өлкөдө суук болбойт, күн акырындап ушуну менен жылыйт. Ал эми март жылуу болгону менен жаанчыл болушу күтүлөт. Жаан-чачын нормадан бир аз жогору болот.   Жаздын биринчи айында өлкөнүн түштүгүндө түнкүсүн +3…+8 градус, күндүз +18 градуска чейин… Кененирээк…