Машиненин айнегин караңгылатуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Автоунаалардын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн шарттарын иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жогорку Кеңеш 9-февралда Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Мыйзам… Кененирээк…

Юридикалык тараптар Бирдиктүү декларацияны тапшырууга шашылышы керек

Юридикалык тараптар Бирдиктүү декларацияны тапшырууга шашылышы керек. Салык кызматынан эскертишкендей, аларда бул үчүн 10 күн калды. 1-мартка  чейин уюмдар, чарбачылыктар, чет элдик компаниялар кирешеси боюнча отчетторду тапшырышы зарыл.   Өз учурунда Бирдиктүү декларацияны тапшырбагандар 5 миң сомго чейин айыпка тартылат.

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II иттер үчүн атыр чыгарды

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II иттер үчүн атыр чыгарды. Ал салкын көл жээгиндеги сейилдөөнүн жыты менен. Атырды 10 еврого сатып алса болот.  200 миллилитр көлөмүндөгү бөтөлкө таажы менен кооздолгон. Кошумчаласак, ханышанын өзүнүн 4 ити бар.   Алар ээсинин атыры менен колдонуп жатабы-жокпу такталбайт.

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 20-февралга чейин Бишкек – Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу жана Казарман — Актал-Чат унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Бул каттамдар менен сапарга… Кененирээк…

Түркия Кыргызстанга аскердик техника тапшырды

Түркия Кыргызстанга аскердик техника тапшырды. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аскердик-техникалык мүлктү салтанаттуу тапшыруу аземи бүгүн өттү.   Аскердик багыттагы колдоодо атайын жабдуулар, унаалар жана башка техника бар.

Түп районунда тигүү факбрикасы ачылды

Түп районунда тигүү факбрикасы ачылды. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, объект Ак-Булак айылында жайгашат. Ишкананы ачууга 10 миллион сомду фонд бөлүп берген. Фабрикада 100 жаңы жумуш орду түзүлдү.   Эми жакынкы арада 200 орундуу цех Каракол шаарында дагы ачылат.

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого 28 миң адам тартылат

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого 28 миң адам тартылат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, каттоочу болуп 18 жаштан жогорку, физикалык жактан активдүү, кыргыз-орус тилдерин билген жана уюлдук тиркеме менен иштей алган жарандар кабыл алынат.   Эске салсак, калкты каттоо ушул жазда өтөт. Кыргызстандыктарга билими,… Кененирээк…

Өткөн жылы өлкөгө 1 миллион 918 миң уюлдук телефон импорттолду

Өткөн жылы өлкөгө 1 миллион 918 миң уюлдук телефон импорттолду.   Бул болжол менен 2020-жылга салыштырмалуу 286 миңге аз.   “Тазабек” агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы жылда республикага смартфон ташуу көрсөткүчү  13 пайызга төмөндөдү. Кыргызстанга уюлдук тефондор эң көп Кытайдан ташылган – 1 миллион 590 миң,… Кененирээк…

Кыргызстанга өткөн жылы физикалык жактардан 2 миллиард 756 миллион доллар которулду

Кыргызстанга өткөн жылы физикалык жактардан 2 миллиард 756 миллион доллар которулду.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул 2020-жылга салыштырмалуу, дээрлик 16 пайызга көп.   Анда которуулардын суммасы 2 миллиард 377 миллион долларды түзгөн болчу. Белгилеп кетсек, акча которуулардын негизги бөлүгү Россияга туура келет.

Айнектерин караңгылатууга уруксаат салык жана айыптар боюнча карыздары жок унаалардын ээлерине гана берилет

Айнектерин караңгылатууга уруксаат салык жана айыптар боюнча карыздары жок унаалардын ээлерине гана берилет. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, уруксат кагазын 1 жылга берүү пландалууда, эгер машиненин ээси алмашса, уруксатты дагы кайра каттатып алса болот.   Документтин бар-жоктугу Carcheck мамлекеттик порталы аркылуу текшерилет.   Алдыңкы айнектерди караңгылатууга… Кененирээк…